КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ ЖАНА ЭТНОСТОР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕРДИ ЧЫҢДОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН (АГЕНТТИК) ЧАКАН ГРАНТТАРЫНЫН КОНКУРСУ

 Агенттиктин чакан гранттарынын конкурсу  элдин биримдигин бекемдөө жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо, жалпы жарандык бирдейликти калыптандыруу,  этностор аралык ынтымак, толеранттуулук жана  тынчтык идеяларын жайылтуу максатында түзүлгөн.

Чакан гранттардын конкурсуна катышуу үчүн арыздарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү- 2015-жылдын 3-сентябрына чейин.

Арыздар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш. Киев көч.96-Б, 308 кабинет.

Конкурска улуттук-маданий борборлор, электрондук жана мамлекеттик эмес жалпы массалык маалымат каражаттары, ошону менен бирге коомдук бирикмелер, бейөкмөт уюмдар жана Кыргыз Республикасынын Юстиция  министрлигинде катталган жамааттык уюмдар катыша алышат.

Долбоорлор төмөндөгүдөй тематикаларга туура келиши керек:

  • Жалпы жарандык бирдейликти, этностор аралык ынтымакты жана социалдык интеграцияларды бекемдөө; 
  • Тынчтыкты куруу, чыр-чатактардын алдын алуу;
  • Жалпы жарандык бирдейлигин өнүгүүсүндөгү массалык-маалымат каражаттардын орду;
  • Толеранттуулук жана маданий көп түрдүүлүктү бекемдөө;

Гранттар төмөндөгүдөй максаттарда колдонулушу мүмкүн:

  • Этностор аралык конфликттердин алдын алууга багытталган иш-чараларды өткөрүү;
  • Республиканын аймагында жашаган элдердин улуттук мамилелерин, маданиятын, каада-салтын, тилин, элдин рухий биримдигинин жана улуттар аралык ынтымагынын идеяларын жалпы билим берүү мекемелеринин, маданий мекемелердин, улуттук-маданий бирикмелердин жана жалпы массалык маалымат каражаттарынын потенциалдарын колдонуу менен колдоо жана өнүктүрүү;

Гранттын суммасы:50 000ден  250 000 сомго чейин

Конкурска катышуунун шарттарын жана талаптарын билүү боюнча так маалымат алуу үчүн  төмөнкү телефонго кайрылсаңыздар болот: (0312)  62 24 84, 0770 222043, электрондук дарек: dethnica@mail.ru Алманбетов Эмир

грантка табыштама (завка)

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх