2015 – жылдын 24 - июлунда ЖӨБЭММА «Улуттук экономиканы чынындоодо жана өнүктүрүүнүн туруктуулугун камсыздоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу» атту семинар – жыйын өткөрөт

2015 – жылдын 24 - июлунда Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн Жаңы – Жер айылында «Улуттук экономиканы чынындоодо жана өнүктүрүүнүн туруктуулугун камсыздоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу» атту семинар – жыйы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен өтөт.

         Баткен, Чүй, Нарын, Талас, Ысык –Көл облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйындарынын төрагалары, райондун акимдери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, БУУнун Өнуктүрүү Программасынын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат. Ошондой эле КР Биринчи вице- премьер министри Сарпашев Т. Д. катышуусу күтүлүдө.

         Семинардын теориялык бөлүгүнөн тышкары Ош, Кадамжай жана Баткен шаарлары, Миңчынар жана Жаңы – Жер айылдары менен таанышуу; Бүргөндү  - 2 массивин өздөштүрүү боюнча жүрузүлгөн иштер менен, күрүчтү кайра иштетүү цехи жана кирпич заводу менен таанышуу жана калкка кызмат көрсөтүү борборунун ачуу аземи өтөт.

Так маалымат алуу үчүн 0312 622 466 номерине чалып Замир Ыманкалиевге кайрылсаныздар.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх