Лейлектин «Катта- Тузунда» абал туруктуу

Баткен облусунун Лейлек районундагы «Катта- Туз» аймагында абал туруктуу. Бул тууралууТushtuk маалымат агенттигине аталган райондун Жаӊы- Жер айыл округунун башчысыСаатбек Эгембердиев билдирди.

Эскерте кетсек, Тажикстандын чек ара аскерлери Лейлектеги «Катта-Туз» мунай ишканасын кайра иштетүү талабы менен 24-октябрь күнү аталган аймакка кирип алган эле. Андан соң кыргызстандык чек арачыларга кошумча күч тартылып, бейшембиден бери аймактагы «Достук» чек ара бекетинде абал чыңалып турган. Бул окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нааразылык нотасын жиберген.

«Азыркы тапта бул аймакта абал туруктуу, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара жетекчилери сүйлөшүп, аскерлерди чыгаруу боюнча макулдашкан соң, аймактагы мунай бургулоочу жерден тажик аскерлери толугу менен чыгып кеткен», — дейт Саатбек Эгембердиев.

Ал эми Чек ара кызматы буга чейин «Чек арада жайгашкан бул тилкени пайдалануу боюнча чечимди өкмөттөр аралык комиссия кабыл алышы керек деген бүтүмгө келишти. Мунай бургулоо иштери убактылуу токтотулду», — деп маалымат тараткан.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх