Балыкчы шаарынын мэри жаңыдан шайланды

2015- жылдын 6- июлунда  Балыкчы шаарынын мэри болуп 43 жаштагы шаардык кеңештин депутаты Сатыбек Шамудинов шайланды.

Көпчүлүк добуш менен (31ден 18) шаардык кеңештин депутаттары КСДП партиясынан мэрди шайлап алышты. Бул орунга эки кандидат ат салышкан – шаардык кеңештин депутаты Шамудинов С. жана шаардык салык кызматынын башчысы Азиев Т.

Эскерте кетсек,  буга чейин шаарды Турдубаев Марат жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх