Министр Кубатбек Бороновдун Баткен облусундагы иш-сапары башталды

Бүгүн, 2013-жылдын 30-августу күнү КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өлкө борборунан эң алыс жайгашкан Баткен облусунундагы калк менен жолугушуулары башталды. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-сапардын максаты калк менен жолугушуп, аймактардагы элдин абалы менен жеринен таанышып, маселелерди жеринде чечүү болуп саналат.

Министрдин калк менен жолугушуусу 2013-жылдын 30-октябры күнү,  10:00дөн 12:00гө чейин Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы балдар үйүнө, андан кийин Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында, 31-октябрь күнү саат 16:00дөн 18:00гө чейин Баткен шаарында КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында, 1-ноябрь күнү саат 10:00дөн 12:00гө чейин Сүлүктү шаардык мэриясынын имаратында, ошол эле күнү саат 14:00 дөн 16:00гө чейин Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында өткөрүлөөрү белгиленген. Маселелерди жеринде чечүү үчүн министр менен кошо министрдин тиешелүү орун басарлары, башкармалыктар менен бөлүмдөрдүн жетекчилери, министрликке караган түзүмдүк бөлүмдөрдүн (структуралык бөлүмдөр) башчылары чогуу жүрүшөт.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх