Баткен областынын эли менен жолугушуу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т. А. Сариевдин тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынны Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Б.К. Рыспаев үстүбүздөгү жылдын 1-2-июнь күндөрү Баткен областына иш сапары менен барып жергиликтүү эл менен жолугуп келди. Жолугушууларда айыл жерлериндеги жетишкендиктерге күбө болуп ошону менен катар көйгөйлүү маселелерди угуп, коюлган маселелерди тиешелүү министрликтер менен биргеликте чечүү жагы сүйлөшүлдү.  

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх