Баткен: Кошуна өлкөнүн телеканалдарынын таасири дагы да күчтүү бойдон

«Баткен облусу 2008-жылдан баштап 50 млн сомдон ашык каражат сарпталып, пилоттук аймак катары санариптик берүүгө өткөн. Ага чейин аналогдук берүүлөр болгондуктан, 40тай айыл коомдук каналды көрө албай, атамекендик жалпыга маалымдоо каражаты жок делинип келген. Теле чагылдыргычтар алмашып, 20 миңдей үй-бүлөгө санариптик берүүнү алып берчү шаймандар акысыз таратылган. Бул аймактагы маалымат коопсуздугун жоюуга зор салымы болду», — дейт Tushtuk маалымат агенттигине облустук телеканалдын директору Мамажан Бердишов.

«Санариптик берүүгө Баткен облусу киргенден бери дээрлик 90 пайыз айылдарды кучагына алды, бирок дагы калып жатат. Бирок кантсе да буга чейин маалымат коопсуздугуна коркунуч болуп келген болсо, азыркы учурда абал жакшырып калды. Баткен ТВдагы азыр үн жана видео жагынан сапаты жакшырды», — дейт М.Бердишев.

«Чек арадан алыс аймактар болгону cанариптик берүүдөн 10 канал көрө алышса, чек арага жакын аймактар 25 каналга чейин көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок анын теӊ жарымынан көбү кошуна өлкөнүн каналдары. Кошуналардын телеберүүсүнүн таасири ушунчалык күчтүү, жаш балдар өзбекче каармандарды туурап ойноп, өз алдыларынча ошол тилде суйлөй баштады», — дейт Бүргөндү аймагынын тургуну Жибек Темиралиева.

Анын айтымында, Өзбекстандын телеканалдарында элге жакыныраак тарбия бере турган программалары көп, анан дагы Баткен аймагында сигналдары күчтүү, андыктан аябай тунук тартат. «Кошуналардын каналын көргөндөр көп. Ар бир нерсени тез кабыл алган балдарыбыз өзбектердин артист-актирисаларын туурашып, ошолордой болууга аракеттенишет», — деп кошумчалайт Ж.Темирбаева.

Баткен облусунда кошуна өлкөлөрдүн телерадио толкундары чек аралаш аймактарга кенен келип эле тим болбостон, өткөн жылы Лейлек районунун аймагында Өзбекстандын 2 теле чагылдыргычы бар экени белгилүү болгон. Аймактагы маалымат коопсуздугун жоюу үчүн ишке ашып жаткан демилгенин ойдогудай натыйжа бербей жатышы каражатка келип такакалгандыгы айтылып келет.

Баткен облусундагы санариптик телеберүүлөр менен камсыздалбаган 10 пайыздай калк үчүн бул кызматты жеткирүү кийинки жылы ишке ашары буга чейин айтылган.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх