“Кыргызстандагы көп этностуу коомчулуктун фашизмди жеңүүдөгү жана Кыргыз Республикасынын согуштан кийинки жылдардагы өнугүүсүнө кошкон салымы”

Бүгүн 7-май Мамлекеттик тарых музейинде Кыргыз Республикасында элдин биримдиги жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясынын алкагында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган “Кыргызстандагы көп этностуу коомчулуктун фашизмди жеңүүдөгү жана Кыргыз Республикасынын согуштан кийинки жылдардагы өнугүүсүнө кошкон салымы” аттуу илимий- практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга  Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлдөрү, Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын, Чүй облусунун улуттук диаспораларынын өкүлдөрү, Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери катышышты.

Конференция төмөндөгүдөй иш чаралар менен коштолду:

  • Улуттук тарых музейинин фойесинде Улуу Ата Мекендик согушка арналган сүрөт көргөзмөсү менен таанышуу;
  • Улуу Ата Мекендик согушка арналган документалдуу тасманы көрүү; Куттуктоо сөздөр;
  • “Кыргызстандагы көп этностуу коомчулуктун фашизимди жеңүүдөгү жана Кыргыз Республикасынын согуштан кийинки жылдардагы өнүгүүсүнө кошкон салымы” доклад;
  • Согуштун, эмгектин ардагерлеринин Кыргыз элине кайрылуусу;
  • Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерине акчалай сыйлыктарды тапшыруу;
  • Жеңиш аянтындагы түбөлүк отко гүлчамбар коюу жана ардагерлерге арналган сый тамак менен аяктады.

 

 

 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх