Коомчулуктардын демилгелерин колдоо аркылуу социалдык биримдикти бекемдөө

21-апрель, 2015-жыл, Ош Кыргызстан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын, Ош шаары жана Ош облусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин жооптуу кызматкерлери, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрация башчылары менен жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери «БИРГЕ - Коомчулуктардын демилгелерин колдоо аркылуу социалдык биримдикти бекемдөө» долбоорунун ачылышына карата маалымат берүү иш чарасында атышышты.   

Иш чаранын жүрүшүндө долбоордун өкүлдөрү Ош жана Нарын облусунда ишке ашырылуучу  «Бирге» долбоордун концепциясын, максатын сунуш кылышты, жана долбоордун алкагында «Кыргызстандагы жашоо» изилдөөсүнүн жыйынтыгы чогулушта талкууланды. Ошондой эле, жаӊы ишке ашырылып жаткан долбоордун күтүлучү натыйжаларды,  катышуучулардын ролдорун талкуулап, анын негизинде максаттуу райондук мамлекеттик администрациялар менен долбоорун ишке ашыруу меморандумуна кол коюлду.

«БИРГЕ - Коомчулуктардын демилгелерин колдоо аркылуу социалдык биримдикти бекемдөө» долбоору MSDSP KG (Кыргызстандын Тоолуу Аймактарындагы Жамааттардын Өнүгүүсүн Колдоо Программасы) Ага Хан Фондунун Демилгесинин алкагында ишке ашырылат.

Коомчулуктардын демилгелерин колдоо аркылуу социалдык биримдикти бекемдөө» долбоору – бул Бүткүл Дүйнөлүк Банк жана Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын  демилгеси. Долбоордун максаты Кыргызстандын шартына эффективдүү болгон социалдык биримдикти чындоо ыкмаларын изилдөөлөрдүн жардамында аныктоо жана максаттуу жамааттарды катыштыруу менен бул ыкмаларды кичи долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу тажрыйбадан өткөрүү. Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Араван, Ноокат райондорундагы 10 айылдык аймактарында жана Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондорундагы 5 айылдык аймактарында ишке ашырылат. Өнөктөштүк долбоор Бүткүл Дүйнөлүк Банк, Тынчтыктын көйгөйлөрүн изилдөө эл аралык институту (СИПРИ), Борбордук Азия Университети, Кыргызстандын Тоолуу Аймактарындагы Жамааттардын Өнүгүүсүн Колдоо Программасы жана Ага Хан Фонду тарабынан колдонот жана ишке ашырылат. 

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх