КР ЖКсынын Төрагасынын фондунан жардамга муктаж журналисттерге акчалай жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын фондунан «Вечерний Бишкек» интернет-редакциясынын журналисти Марина Мирошникке жана 2013-жылы автокырсыктан каза болгон парламенттик кабарчы Айзада Абазованын үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Facebook социалдык түйүнүндө журналисттер бөйрөк оорусунан жабыркаган М.Мирошникке каражат топтоо акциясын жарыялашкан эле.

Ал эми А.Абазова өмүрүнүн акыркы жылдарында «Кыргыз руху» гезитинин башкы редактору болуп иштеп, бул гезиттен парламенттик кабарчы, кийинчирээк болсо «Пресс.kg» гезитинен парламенттик кабарчы катары Жогорку Кеңештин ишин чагылдырып келген. А.Абасова 2013-жылы январь айында автокырсыктан каза таап, артында 3 баласы калды.

Жаңылыктар түрмөгүнө кайра баруу
Вверх