ЖӨБ органдарына өткөрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесине ылайык:
     - мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз.
    - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар, аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү менен ыйгарылышы мүмкүн. 
    - мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде берилиши мүмкүн. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчет беришет.
    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мамлекеттик бийлик органдары тарабынан мыйзамдын же келишимдин негизинде өздөрүнө таандык болгон ыйгарым укуктардын бир бөлүгүн өткөрүп берүү дегендикти билдирет.
    5-беренесине ылайык Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар келишимдин негизинде берилген учурда келишимдин шарты жана берилүүчү ыйгарым укуктардын тизмеги тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүгө жатат.

    “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына  айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамын аткаруу максатында 2014-жылы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Типтүү келишим жана Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасы иштелип чыгып, Өкмөттүн токтомдору менен бекитилген.
    Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 2-июлундагы №142 Мыйзамы менен 10 тармактык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү ыйгарым укуктар аныкталган. 
    Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мамлекеттик бийлик органдары тарабынан мыйзамдын же келишимдин негизинде өздөрүнө таандык болгон ыйгарым укуктардын бир бөлүгүн өткөрүп берүү дегендикти билдирет.
    Бүгүнкү күндө жогоруда айтылган методикалык документтердин негизинде Улуттук статистика комитетинин аймактык түзүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен келишим түзүшүп, ал келишимдер жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилип, Финансы министрлигине каржылоо үчүн берилген. Негизинен бул келишим, айыл чарбасынын статистикалык отчеттуулук формасынын 19 түрүн камтыйт.
2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктарды аткарууга 474 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен келишим түзүлүп (22 шаар мэриясы, 452 айыл өкмөтү), 475 адис иш алып барат.
    Финансы министрлиги тарабынан 2018-жылдын жыйынтыгы менен жогорудагы келишим боюнча 94,6 млн. сом жергиликтүү бюджетке  которулуп берилген.
    Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маселе 2018-жылдын 28-августунда Өкмөттүн жыйынында каралып, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча бшкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын ажыратуу боюнча тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. 
    Сунуштарды иштеп чыгуу максатында Агенттик тарабынан ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облусунун айрым жергиликтүү өз алдынча бакшаруу органдарынын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, анализ жүргүзүлүп, 2018-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан иш-чаралар планы бекитилди.
    Иш-чаралар планынын алкагында кийинки төрт багыт боюнча иштер аткарылат:
1.    Мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн кошумча штаттык биркдиктерди 3-5 чейин көбөйтүү. 
    Мамлекеттик ыйгарым укуктарды айыл өкмөттөргө өткөрүп берүүдөгү негизги көйгөй – бул штаттык бирдиктердин чектелгени. Өкмөттүн 2011-жылдын 4-августундагы №451 токтомуна ылайык жергиликтүү маанидеги маселени чечүү жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар айыл өкмөтүнүн жалпы штаттык санынын чегинде ишке ашырылат деп жазылып калган. 
Анализ көрсөткөндөй айыл өкмөттөрдө мамлекеттик ыйгарым укуктарды 4-12 чейин муниципалдык кызматкерлер аткарып, айыл өкмөттөргө күч келүүдө.
Негизинен айыл өкмөт кызматкерлери аткарган мамлекеттик ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет:
-жергиликтүү салыктарды чогултуу;
-коргонуу тармагында аскерге милдетүүлөрдүн жана чакырылуучулардын баштапкы эсебин алуу;
-жарандык каттоо жана нотариалдык кызмат көрсөтүү;
-идентификациядан өткөн малдын эсебин маалыматтык базага киргизүү;
-социалдык колдоого муктаж болгон аз камсыз үй бүлөлөрдү аныктоо;
-мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу.
Мисалы: Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн калкынын саны 15289 адам болсо, айыл өкмөттөгү муниципалдык кызматкерлердин саны 22, 2 ТОП, МОП. 
Мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган муниципалдык кызматкерлердин саны 9, алардын 3 ВУС, 3 салык жыйноочу, 2 социалдык кызматкер, 1 статист.  Бул деген айыл өкмөт кызматкерлеринин жалпы штаттык санынан 40,9% түзөт.
Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджети – 31 млн. 368,5 миң. сом болсо, мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысына жергиликтүү бюджеттен 1 млн. 257,2 миң. сом, билим берүү мекемелерин (бала бакча, мектеп) кармоого 9 млн. 205,4 миң. сом, маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына 132,0 миң сом сарапталат. 
Жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттен мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга 10 млн. 594,6 миң сом сарпталат же жергиликтүү бюджеттин 33,7% түзөт.
    Мисал: Ноокат районунун Найман айыл өкмөтүндө 2064 адам жашайт. Штаттык бирдиктеринин саны 11 болсо, 5 мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарат ( ВУС -1, соц адис-1, салык боюнча -1, статист -1, малды идентификациялоо боюнча – 1).
    Жергиликтүү бюджетинин көлөмү 6 млн.306,5 миң сом болсо мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган адистердин эмгек акысына 765,6 миң сом. же жергиликтүү бюджеттин 12,1% сарпталат.
Ушуга байланыштуу айыл өкмөттөрдүн штаттык бирдиктеринин санын калкттын санына жараша 3-5 чейин көбөйтүү сунушу иштелип чыкты.     Кошумча берилип жаткан штаттык бирдиктер өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга гана алынат. Эмгек акысын республикалык бюджеттен каржылоо каралууда.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча жалпысынан 1654 штаттык бирдике көбөйөт жана орточо эсеп менен 268,8 млн.сом керектелет. Финансы министрлиги берген маалыматка ылайык 2019-жылга мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга республикалык бюджетте 551,0 млн сом акча каражат каралган.
Бул багытта Финансы министрлиги Өкмөттүн 2011-жылдын 4-августундагы №451 токтомуна тиешелүү өзгөртүүдөрдү киргизүү боюнча токтом долбоорун даярдап жатат.
    Токтом долбоору кабыл алынгандан кийин алгачкы этапта Кыргыз Республикасынын коргонуу иштери боюнча комитети, Мамлекеттик салык кызматы жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө макулдуктарын билдиришкен. 
    
2.    Мамлекеттик мекемелердин балансында турган билим берүү, маданий жана башка объектилерди кармоону жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке которуу.
    Бүгүнкү күнү мамлекеттик мекемелер жана ишканаларды каржылоодо шаар мэрияларынын бюджеттерине күч келип, орточо эсеп менен алганда 29,5% - 47,5 % чейин каражат сарпталат.
    Каракол шаарынын мисалында карасак, шаардын калкынын саны 77,6 миң адам. Шаар мэриясында 25 штаттык бирдик бар, анын 16 муниципалдык кызматкер, 9 техникалык жана кичи камсыздандыруу персоналына кирет.     Шаардын бюджети 2017-жылга 186,5 млн.соду түзсө, 87,1 млн.сом же 46,7% мамлекеттик органдардын балансында турган билим берүү, социалдык, маданий мекемелерди кармоого жана айлык акы фондуна сарпталат.
Бул көйгөйдү чечүү максатында алгачкы этапта билим берүү мекемелерин (бала бакча, мектеп) кармоого кеткен чыгымдарын жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке которуу сунушу иштелип чыкты. 
Анализ жүргүзүлгөн шаарлардын мисалында карасак Токмок шаары 2017-жылы билим берүү мекемелерин кармоого жергиликтүү бюджеттен 51 млн.889,2 миң сом сарптаган. Бул жергиликтүү бюджеттин 58,4% түзөт (бюджет 171,2 млн.сом). Каракол шаарынын бюджети 186,5 млн.сом болсо, билим берүү мекемелерин кармоого 67,9 млн.сом сарпталат. Ушундай эле анализ Ош жана Балыкчы шаарларында жүргүзүлгөн. 
Эгерде билим берүү мекемелерин (бала бакча, мектеп) кармоого кеткен чыгымдарын жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке которулса 387,3 млн.сом жогоруда аталган шаарлардын бюджетинде калмакчы.
Ал эми айыл өкмөттөрдүн мисалында карасак Чүй облусундагы элинин саны 2305 калкы бар Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджети 3 млн.616,9 миң сом болсо, анын 468,1 миң сому билим берүү мекемелерин кармоого кетет, Ош облусундагы элинин саны 30754 калкы бар Мады айыл өкмөтүнүн бюджети 37 млн. 310,3 миң сом болсо, анын 9 млн. 284 миң сому билим берүү мекемелерин кармоого сарпталат. 
Мындай анализдер жалпысынан 12 айыл өкмөттө жүргүзүлгөн. Эгерде бул айыл өкмөттөрдүн  билим берүү мекемелерин кармоого кеткен чыгымдарын республикалык бюджетке которсо жалпысынан 63 млн.620,6 миң сом жергиликтүү бюджеттерде калып өнүгүүгө шарт түзүлмөк.

 
3.    Саат өлчөмүндө кошумча акы төлөп берүү багытында.

Анализдин жыйынтыгы көрсөткөндөй айрым мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын айыл өкмөттөр толук 8 саат аткарбаганы аныкталды. Мисалы: айыл өкмөт кызматкерлери Мамлекеттик каттоо кызматына тиешелүү функцияларды аткарууга бир күндө 4 саат, Ветеринария инспекциясынын функцияларын аткарууга бир күндө 3 саатка жакын убакыт сарпташат.     
Бирок азыркы мыйзам актыларында саат өлчөмүндө кошумча акы төлөп берүү нормасы каралган эмес. Ушуга байланыштуу мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизип, саат өлчөмүндө кошумча акы төлөп берүү механизми киргизилип жатат. 
Тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы Юстиция, Эмгек жана социалдык коргоо министрликтерине жана Мамлекеттик кадр кызматына тапшырылган.

4.    Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү ыйгарым укуктарды так аныктоо.

Мындан тышкары Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине ылайык Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктардын тизмеси бекитилген, бардыгы болуп 17 ыйгарым укук. 
Бирок бул тизмедеги айрым ыйгарым укуктар мамлекеттик органдардын өзүлөрү тарабынан аткарылып келет жана айыл өкмөт кызматкерлеринин компетенциясына туура келбейт.
Ушуга байланыштуу айыл өкмөттөргө өткөрүлүп берилбей турган мамлекеттик ыйгарым укуктарды жогоруда айтылган 20-беренеден алып салуу сунушу иштелип чыгып, мамлекеттик органдардан сунуштар алынууда.
20-беренеден чыгарууга келип түшкөн мамлекеттик ыйгарым укуктар: 
1.    Монополияга каршы агенттигине тиешелүү “керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу” ыйгарым укугу;
2.    Миграция кызматына тиешелүү “калкттын миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу” ыйгарым укугу;
3.    Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине тиешелүү “калкттын жумуштуулугунун программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу” ыйгарым укугу;
4.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине тиешелүү “курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу”;
Ал эми, энергетика комитетине тиешелүү маселелер такталып жатат. Келип түшкөн сунуштардын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгат.

Ченемдик-укуктук актылардын тизмеги


 


 

Вверх