Өзгөчө статус алган чек арага чектеш айылдарды өнүктүрүү

      Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу максатында Өкмөттүн 2018-жылдын 5-январындагы №5 токтому менен Иш-чаралар планы бекитилди.
Иш-чаралар планы 33 пункттан турат жана аларды ишке ашырууга республикалык бюджеттен 2018-2020-жылдарга 296,2 млн.сом акча каражаты каралган.
Алар: 
-    Мамлекеттик чек аранын участокторуна инженердик курулмаларды жана тосмолорду тургузуу Мамлекеттик чек ара кызматына 1 иш-чараны аткарууга 45,0 млн. сом;
-    Баткен облусу боюнча 28 иш-чараны аткарууга 195,0 млн. сом;
-    Жалал-Абад облусу боюнча 3 иш-чараны аткарууга 41,2 млн. сом;
-    Ысык-Көл облусу боюнча 1 иш-чараны аткарууга 15,0 млн. сом каралган.
     Ал эми 2018-жылга карата жалпы 98,7 млн. сомго  22 иш-чара каралган болсо, бүгүнкү күндө аларды аткаруу үчүн Финансы министрлиги берген маалыматка ылайык жооптуу аткаруучу органдарга республикалык бюджеттен 60,1 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилген. 
   Азыркы учурда, Финансы министрлиги тарабынан 2018-жылы аягына чыкпай калган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен кошумча акча каражатын табуу боюнча Өкмөттүн чечим долбоору даярдалып жатат.
Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттары жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактардын тизмегине жалпысынан 206 айылды киргизүү боюнча сунуштар келип түшкөн.
Бирок “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамында айылдарды өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактардын тизмегине киргизүү тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат деген ченем жоктугуна байланыштуу, тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, Өкмөттүн токтому менен жактырылган. Азыркы учурда мыйзам долбоору Жогорку Кенештин кароосунда.

 

Вверх