ТУШУНДУРМОЛОР

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын администрациялык комиссиялары тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндөКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы №176 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-февралындагы №77- токтому боюнча түшүндүрмө:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик

Агенттик тарабынан даярдалган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтому Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын администрациялык комиссиялары тууралуу типтүү жобонун 2-пунктуна айыл окмоту менен мэриянын ыйгарым укуктары жонундо озгортуу киргизилди. Бул Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик  жөнүндө кодексине шайкеш келет.

         Мындан ары айыл окмотунун жана мэриянын администрациялык комиссиялары Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик  жөнүндө кодексинин 5341 – беренесине ылайык администрациялык укук бузуулардын 55 туру боюнча иштерди карай алышат.

         Иш жузудо коруп жургонубуздой, бугунку кундо республикабыздын айыл аймактарында калктын нааразычылыгын туудуруп жаткан жана тезинен чара корууну талап кылган иштер толуп жатат. Укуктук калпыстык ондолду жана эми кечиктирилгис турдо укук бузууларга каршы чечкиндуу курош жургузуу кезеги айыл окмотторуно жана мэрияларга келди.

Тизмеге кайра баруу
Вверх