2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу КОНЦЕПЦИЯСЫ

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2016-жылдын 14-мартындагы
№ 122 токтому менен
бекитилген

2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу
КОНЦЕПЦИЯСЫ

Киришүү

Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүүнү көздөгөн терең реформалардын баскычында турат. Өлкөнүн саясий, экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн башкы багыттары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында (мындан ары - ТӨУС) бекемделген.

ТӨУСда белгиленген максаттарга жетүү бир нече милдеттүү шарттарды ишке ашырууну талап кылат, бул шарттардын айрыкча маанилүүлөрү: "Өлкөнүн коомдук, саясий жана экономикалык турмушунун бардык чөйрөлөрүндө мыйзамдуулукту орнотуу туруктуулуктун, мамлекеттин бекемдигинин жана Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүшүнүн башкы фактору болуп саналат. Мыйзамдуулуктун жоктугу жана жарандардын мыйзамдуу таламдарын этибарга албай коюу Кыргызстанда эки жолу бийликтин революциялык алмашуусуна алып келди.

Ошондуктан анык укуктук мамлекетти түзүү, мамлекеттин укуктук системасын чыңдоо, мамлекеттин турмушунун бардык чөйрөлөрүндө укуктун жана мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу мамлекеттик бийликтин бүткүл бутактарынын иштеринин маанилүү багыты болуп калат".

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программасында (мындан. ары - ТӨӨП) ТӨУСтун. жоболору өнүгө алды, бул максаттардын бири: "Мыйзамдын үстөмдүгүнө жетишүү аркылуу коомго конституциялык кепилдиктерди камсыздоо" деп аныкталган. Бул максатка жетишүү үчүн ТӨӨПтө башкалар менен катар жарандарды укуктук агартуу жана тарбиялоо сыяктуу милдеттерди ишке ашыруу каралган.

Кыргызстанда мамлекеттик структуралар дагы, коомдун өзү дагы бул максаттар үчүн укуктук окутуу жана тарбиялоону пайдалануу менен бардык деңгээлдерде жана бардык формаларда жогорку укуктук маданиятты калыптандырууга кызыкдар.

Укуктук окутуу жана тарбиялоо деп, укуктук нигилизмге каршы аракеттенүү жана юридикалык ченемдерди сактоону, аткарууну, пайдаланууну жана колдонууну камсыздаган белгилүү бир позитивдүү элестетүүлөрдү, көз караштарды, баалуулук багыттарды, эрежелерди жарандарда калыптандыруу процессин камсыз кылуу максатында укуктук аң-сезимди жана укуктук маданиятты түзүү жана жогорулатуу боюнча мамлекеттин жана коомдун системалуу жана максатты көздөгөн ишин түшүнүү керек.

Укуктук окутуу жана тарбиялоо системасы аркылуу калктын укуктук маданиятын жогорулатуу укуктук ченемдерди сактабагандыгы үчүн жазаны катаалдаштырууга салыштырганда кыйла натыйжалуу жана ийгиликтүү деп таанылууда.

Ушуга байланыштуу 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын укуктук чөйрөдөгү саясий багыты калктын укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Концепциянын мазмундук жана уюштуруучулук алкактары

2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясы (мындан ары - Концепция) ТӨУС менен ТӨӨПтөн келип чыккан жана жалпыга бирдей таанылган принциптерге, эл аралык укуктун ченемдерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна жана башка ченемдик укуктук актыларына негизделген, мамлекеттин жакынкы жылдарга карата укуктук тармагынын негизин адам, анын укуктары жана эркиндиги түзгөн багыты болуп саналат.

Концепция жетектөөчү документ болуп саналат, аны ишке ашыруу адамдын укуктарын жана эркиндигин кыйшаюусуз сактоону камсыз кылууга алып келиши керек. Документте калкты укуктук окутууну жана тарбиялоону, заманбап укуктук аң-сезимди жана адамдын жүрүм-турумун калыптандырууну камтыган укуктук маданиятты жогорулатуу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын системалуу ыкмасы баяндалган.

Концепция коомдун укуктук маданиятын калыптандырууга багытталган мамлекеттик саясаттын келечекти көрө билүүсүн, максаттарын, багыттарды, артыкчылыктарды, милдеттерди жана чараларды камтыган негиз салуучу документ болуп саналат. Аны ишке ашыруу мыйзамды жана бийликти сыйлабагандык катары көрүнүштөрдү жок кылууга багытталат.

Концепциянын маанилүү мүнөздөмөсү Кыргыз Республикасынын заманбап коомунун маданий, тарыхый, гендердик жана башка өзгөчөлүктөрүн, адам укуктарын жактоочу улугун жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылган жыйынтыктарга багытталышын эске алгандыгы болуп саналат.

Саясаттын бардык каралган чаралары, ошондой эле конкреттүү аракеттер зарыл болгон финансылык жана башка ресурстар менен камсыздалат. Аларды жүзөгө ашырууга бардык кызыкдар тараптар - мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, жарандык коом институттары тартылат.

Концепция аралыктагы жана акыркы жыйынтыктарга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун, ошондой эле ишке ашыруу процессинин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыздоонун механизмин өзүнө камтыйт.

Мурунку жылдары ээ болгон жана бул документте эске алынган укуктук чөйрөнү өнүктүрүү боюнча тажрыйба, калктын билимдүүлүгүнүн критерийи катары карала турган, укуктук пропаганданын тар маселесинен бир адамдын укугу коомдо канчалык камсыздалышынын, жүзөгө ашырылышынын жана корголушунун көрсөткүчү болгон укуктук маданияттын өнүгүүсүнө өтүүнү шарттайт.

Концепция иши укуктук маданияттын ар кандай аспектилерин өнүктүрүүгө багытталган тараптардын аракеттерин уюштурууга мүмкүндүк берет. Концепциянын координациялоочу ролу жыйынтыктарды жана системалуу натыйжа алуунун шарты болуп саналат.

Концепция жана аны ишке ашыруу Планы укуктук маданият сыяктуу ушундай татаал комплексти өнүктүрүүдө конкреттүү жана келечектүү максаттарга толук баалуу жетишүү мамлекеттин лидерлик ролунда жана анын жарандык коом менен өз ара тыгыз аракеттенүүсүндө гана мүмкүн боло тургандыгын эске алат. Дал ошон үчүн Концепцияда мамлекеттик/муниципалдык социалдык заказдын аспаптарын пайдалануу боюнча чаралар каралган, алардын жардамы менен бул тармактагы мамлекеттик саясаттын биримдиги жана натыйжалуулугу камсыздалат.

I. Көрө билүү жана максаттар

Көрө билүү

Концепцияны ишке ашыруу өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн зарыл болгон, ошондой эле жарандын жана жалпы эле коомдун ажырагыс бөлүгү болуп кала турган укуктук маданияттын жогорку деңгээлине, укукту билүүнүн жана түшүнүүнүн, укукка болгон урматтын, аны колдонуунун зарылдыгын түшүнүүнүн, сактоонун жана аткаруунун бийик даражасына алып келүүгө тийиш.

Келечекте Кыргыз Республикасы төмөндөгүлөр менен мүнөздөлөт:

1. Адамдын жана жарандын укуктары корголгондугу, ал эми өзү укуктук адам болуп кала тургандыгы менен мүнөздөлөт, бул укуктун жана укуктук мамилелердин субъектисинин компетенттүүлүгүн жана укукка баш ийүүсүн, позитивдүү укуктук аң-сезимдин жогорку деңгээлине, активдүү жарандык позицияга, укуктук жактан өзүн-өзү жөнгө салуу жөндөмдүүлүгүнө жетишүүнү түшүндүрөт.

2. Мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саясий, башкаруучулук жана аймактык өкүлдөрү өлкөнүн бардык жашоочулары үчүн саясий маданияттын үлгүсү болуп саналыша тургандыгы менен мүнөздөлөт.

Стратегиялык максаттар жана милдеттер

Ушул Концепция укукту таануу, анын эрежелерин аткаруунун зарылдыгын түшүнүү менен мүнөздөлгөн, укуктук даярдыктын жана ынандыруу системасынын болушун болжолдогон, калктын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын бийик деңгээлине жетүүгө багытталган. Укуктук окутуу жана тарбиялоонун жүрүшүндө алынган билим жеке ишенимге, укуктук эрежелерди катуу сактоонун бекем орношуна, андан кийин - мыйзамдуулукту сактоонун, укуктук жана саясий активдүүлүктү көрсөтүүнүн адатына айланышы керек.

2020-жылга коомдун кызыкчылыктарына жана керектөөлөрүнө жооп берген адамдын мыйзамдуу жүрүм-туруму үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү күтүлүүдө.

Стратегиялык максаттарды ишке ашыруу үчүн коомчулукта укуктун ченемдерин ишке ашыруунун (сактоо, пайдалануу, аткаруу жана колдонуу) ийгиликтүүлүгүн шарттаган укуктук менталитетти калыптандыруу боюнча өтө активдүү саясат жүргүзүү зарыл болот.

II. Укуктук маданияттын деңгээлин талдоо жана баалоо

Калктын укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатуу чөйрөсүндөгү мамлекеттин аракеттерине карабастан, Кыргызстанда укуктук маданияттын төмөн деңгээли, укуктук нигилизмдин жогорку деңгээли жана укукка карата урматтабастык сакталып келүүдө. Укуктун жөнгө салуучулук төмөн ролу социалдык жана саясий карама-каршылыктардын себептеринин бири болуп бара жатат, ал укук талаасындагы проблемалардын кеңири спектрин чечүүгө мүмкүнчүлүк бербей, мыйзамда белгиленген чектерден тышкары чечимдерди издөөгө жарандарды мажбурлап келет.

Кырдаал калктын укуктук маданиятынын төмөн деңгээли, калктын проблемаларды чечүүнүн мыйзамсыз ыкмаларына жакындыгынын үстөмдүк кылуусу менен тереңдеп жатат.

Кыргызстандын укуктук маданиятына төмөнкүлөр мүнөздүү:

- укуктук сабатсыздык же укуктук баалоочу ой жүгүртүүнүн жоктугу аркылуу көрүнгөн укуктук инфантилизм;

- укукка карата терс мамиле жана мыйзамсыздыкты актоо менен туюнтулган укуктук нигилизм;

- калктын укуктук көрүнүштөргө карата кызыгуусунун жоктугу, мыйзам тарабынан берилген укуктарды колдонууну каалабагандык, кылмыштуулук менен күрөшүүдө укук коргоо органдары менен кызматташуудан баш тартуу жана мыйзамга каршы жүрүм-турумга ыктоо аркылуу туюнтулган укуктук көңүл коштук.

Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка ээ болоору менен өзүн укуктук жана демократиялык мамлекет деп жарыялады. Укуктук мамлекеттин калыптануусунун негизин түзүүчү башталыш Конституциядан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан орун алды. Бирок, укуктук актыларды кабыл алуу менен укуктук мамлекетти куруу процесси аяктап калбайт. Бул албетте, индивиддин укуктук аң-сезиминде укукка карата талаптагыдай мамилесин бекитүүнү талап кылган узакка созулган жана оор жол-жобо. Демек, укуктук мамлекетти калыптандыруу калктын укуктук маданиятын өнүктүрүү процессинен ажырагыс болуп эсептелет.

Укуктук маданият баарынан мурда калктын укуктук аң-сезимин өнүктүрүүнүн деңгээлинен, б.а. алар тарабынан адам укуктарынын жана эркиндигинин баалуулугу, укуктук эрежелерди сактоо сыяктуу укуктук феномендер канчалык терең өздөштүрүлгөндүгүнөн, ошондой эле калктын социалдык, курактык, кесиптик жана башка топтору укуктук жактан канчалык маалымдуу экендигинен, калктын мыйзамга, сотко, укук коргоо органдарына, юридикалык каражаттарга жана укук, эркиндик жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды коргоо ыкмаларына карата эмоционалдык мамилеси кандай экендигинен көз каранды.

Кыргыз Республикасындагы укуктук маданияттын заманбап абалына талдоо жүргүзүү жарандардын өз укуктарын билбегендиги, ишке ашыра албагандыгы жана каалабагандыгы, ошондой эле өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин мыйзам белгиленген тартипте коргой албагандыгы менен мүнөздөлөт.

Бул проблеманы өз учурунда чечпөө натыйжада төмөндөгүдөй кесепеттерди пайда кыла турган укуктук терс көрүнүштөргө алып келиши мүмкүн:

- мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды атайылап жана түздөн-түз бузуу;

- укуктук ченемдерди массалык түрдө аткарбоо жана бузуу;

- коомдо адамдын укук ченемсиз жүрүм-турумун актаган укукка каршы нормалардын жайылтуу;

- адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин массалык түрдө бузуу;

- соттук жана укук коргоо органдарынын кадыр-баркынын төмөндөшү;

- мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына урматтабагандык жана ишенбестик;

- сапаттуу укукту пайдалануу тажрыйбасынын жоктугу;

- коррупция;

- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна карата коркунучтун болушу жана башкалар.

Укуктук нигилизмди жеңүү үчүн төмөндөгү багыттарды бөлүп кароо зарыл:

- жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу;

- мамлекеттин укуктук системасын өркүндөтүү;

- укук бузуулардын жана биринчи кезекте кылмыштардын алдын алуу;

- мамлекеттин аймагында мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо;

- сот жана укук коргоо органдарынын кадыр-баркын жогорулатуу;

- массалык түрдө укуктук агартуу жана калкты тарбиялоо.

Калктын укуктук сабатсыздыгы акырындап өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп калуу тажрыйбаларынын жок болуусуна алып келет, калкты маргиналдаштырат, аны заманбап шарттарда кыйла аялуу кылат, ошондой эле коррупцияны жана социалдык чыңалууну жогорулатууга азык берчү чөйрөнү түзөт. Ушул жана башка себептер мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ишке ашырылып жаткан укуктук пропаганданын негизги формаларын жана методдорун модернизациялоону талап кылат.

Ушул Концепцияда калкты укуктук окутуу жана тарбиялоо укуктун бардык субъекттерин камтууга тийиш жана жарандардын мыйзамга карата урматтоо сезимдерин өнүктүрүү жолу аркылуу демократиялык жана укуктук мамлекеттин идеологиялык жана адеп-ахлактык негиздерин калыптандырууну камсыздоо керек деп каралган, бул сөзсүз түрдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин концептуалдык багыттарынын бири болуп калууга тийиш.

Бүгүнкү күндүн реалдуу шарттарында укук билимдерин, принциптерин жана ченемдерин берүүнү, топтоону жана өздөштүрүүнү, ошондой эле укукка жана аны ишке ашыруу тажрыйбасына болгон тиешелүү мамилени, өзүнүн укуктарын пайдалана билүү, тыюу салууларды сактоо жана милдеттерди аткарууну калыптандырууну камсыздандырууга тийиш болгон жарандарды укуктук тарбиялоонун объективдүү зарылдыгы келип чыкты.

Укуктук тарбиялоо билимдерди түздөн-түз алуунун ыкмасы катары ажырагыс байланышкан жана укуктук билим берүү аркылуу ишке ашырылат. Ошол эле учурда укуктук окутуу ушул Концепциянын алкактарында укуктук аң-сезимдин жана укуктук маданияттын теориялык негизин калыптандыруунун, укук тууралуу билимдерди системалаштыруунун зарыл болгон деңгээлин камсыздоонун, укуктук кызыкчылыктарды, укуктук ой-жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн, илимий укуктук дүйнө таанымды калыптандыруунун ыкмасы катары каралат.

Жарандарды укуктук окутуу жана тарбиялоонун негизин түзүүчү формалардын бири укуктарды түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат. Буга байланыштуу маалыматтык-пропагандалык иштердин ар кандай формаларын жана методдорун колдонуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин түшүндүрүү жарандарда патриоттуулук, мыйзамга баш ийүү, адамдык ар намыс сезими, башка адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын урматтоону камсыздай турган жарандарды укуктук окутуунун жана тарбиялоонун негизи болуп калууга тийиш. Ошол эле учурда укуктук түшүндүрүү иштери олуттуу теориялык базага таянышы керек. Буга байланыштуу калктын укуктук маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелери боюнча максатка багытталган илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле жарандарды укуктук окутуу жана тарбиялоо маселелерин талкуулоо үчүн платформа уюштуруу зарыл. Мындай ыкма укукту ар бир адамга жана жалпы коомго зарыл болгон социалдык баалуулук катары кабыл алуу үчүн негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.

2013-жылы Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту (мындан ары - СИУИ) тарабынан жарандардын укуктук маданиятына жана укуктук пропаганданын ролуна илимий-тажрыйбалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө укуктун жана коомдун укуктук маданиятынын тар түшүнүгүнүн үстөмдүк кылышы бул изилдөөнүн маанилүү учуру болуп саналат. Бул түшүнүктү кайра карап чыгуу укуктук маданияттын реалдуу, конструктивдүү жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле учурда укуктук маданиятты жакшыртуу коомдун жамааттык жетишкендиги боло тургандыгы белгиленет. Буга байланыштуу, жүргүзүлгөн изилдөөдө мындай учурда укуктук маданияттын күчү адамдардын жазылган эреже жана мыйзамдардын жыйындысын билүү менен гана эмес, укуктун коомдук-маданий контекстин түшүнүү менен аныктала тургандыгы баса белгиленген. Ошондой эле изилдөөчүлөрдүн корутундусу боюнча Кыргызстандагы укуктук маданияттын начардыгы өлкөнүн постсоветтик абалынын мүнөзүнө, анын социалдык, экономикалык жана саясий шарттарына ылайык келет. Ошол эле учурда жарандардын укуктук маданиятын күчөтүү аларда бири-бирин жана жалпы коомду таануу жана урматтоо, коомчулуктун алдында өзүнүн жүрүм-туруму үчүн жоопкерчиликтүү болууга жөндөмдүүлүктөрдү тарбиялоо жолу аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш. Мындан тышкары, аталган талдоого ылайык укукту пропагандалоо күчтүү укуктук маданиятка ээ болгон коомдо гана мүмкүн болгон жарандардын жакшы жашоосун пропагандалоо болууга тийиш. Ал эч ким өзү жана жакындары үчүн чочулабаган, материалдык жыргалчылыктарга мыйзамдуу жолдор менен жетишүүгө эч ким тоскоол болбой турган, жагымдуу, туруктуу жашоону болжолдойт.

Укуктук маданияттын проблемалары СИУИ жүргүзгөн изилдөөлөрдүн маалыматтарына ылайык, өтө ар түрдүү жана көп аспектилерден турат. Алар саясий лидерлердин жана топтордун, бийликтин жогорку институттарынын деңгээлиндеги, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана конституциялык реформалардын айдыңында, мыйзамдардын жана мыйзам чыгаруу институттарынын ж.б. алкактарындагы проблемаларды камтыйт. Ошону менен бирге эле коомдун бардык мүчөлөрү дайыма ар кандай кырдаалдарда мыйзам менен дайыма бет келишет, аларды үч топко бөлүүгө болот:

- жарандар күнүмдүк жашоосунда мыйзам менен бет келишкен тиричилик жагдайлары;

- алар саясий жана башка жамааттык талаш маселелерде укук менен мамиледе болгон саясий жагдайлар;

- ченемдик эрежелерге жарандардын аракеттеринин ылайыктуулугун аныктоодо укук жана жарандар бет келишкен сот адилеттигинин жагдайлары.

Ошону менен бирге белгиленген жагдайлар өз ара мамилелердин негизин түзүүчү үч принципке: бири-бирин таануучулук, сабырдуулук жана жоопкерчиликке негизделүүгө тийиш экендиги белгиленет.

Ошондой эле каралып жаткан институттун калыптануусунун жана өнүгүүсүнүн тарыхый өбөлгөлөрү калктын укуктук маданиятын калыптандыруунун маанилүү фактору болуп саналат. Буга байланыштуу кыргыз элинин укуктук аң-сезими коомдук таасир этүү чаралары менен камсыздалган каада-салттарды урматтоо жана кыйшаюусуз аткаруу аркылуу калыптангандыгын белгилей кетүү керек. Салттуу укук катары тиричилик мамилелеринен улам, жогорку бийликке карабастан калыптанган жана коомдун аң-сезиминде милдеттүү мааниге ээ болгон ченемдерди түшүнүшкөн. Кыргыздардын укуктук үрп-адаттары кайсы бир документтерде белгиленген эмес жана муундан муунга кыска санат сөз жана макал-лакап түрүндө берилип келген оозеки каада-салттарга негизделген. Кыргыздардын укуктук ченемдери элдин аң-сезиминде адеп-ахлактык-укуктук ынандыруу формасында сиңген жана аларды бир канча жолу колдонгондуктан бул ченемдер коомдук мамилелерди жөнгө салуучу катары адатка айланган. Ошол эле учурда кыргыздардын салттуу укуктарынын ченемдери көпчүлүк адамдар тарабынан ыктыярдуу сакталып келген, анын үстүнө таасир этүү чара коомдук пикир жана уяткаруу болгон. Ошондуктан адамдын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээли салттуу укуктарды урматтоо жана ага баш ийүү аркылуу билдирилген.

Салттуу укуктун ченемдерин казы-бийлер түшүндүрчү. Кыргыз коомчулугунда "Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок" деген ылакап айтылып келген, анда бийге калыс, адилеттүү болуу талабы айтылат. Кыргыздардын салттуу укуктарынын гумандуулук мазмунуна жана демократиялуулугуна Ч.Валиханов көңүл бурган. Ал өзүнүн эмгектеринде: "... биз шилтеме берүүнү ушунчалык жакшы көргөн жогоркунун төмөнкү менен өнүгүүсүнө окшош келген кыргыздардын күндөлүк укуктары, мисалы, мусулман, кытай жана орустардын Орус чындыгы боюнча мыйзам чыгарууларына караганда кыйла гумандуу жактарга ээ. Кыргыз мыйзамдарында жаңы европалык кодекстерге толтура киргизилген эскертүүчү жана коркутуучу чаралар жок. Кыргыздарда эч убакта денесине уруп жазалоо болгон эмес. Ал эми уруунун мүчөлөрү өзүнүн тууганы үчүн жооп берген туугандык мыйзамдар, туугандар арасындагы мамилелерде көптөгөн тажрыйбалык пайда алып келет.".

Жазылбаган мүнөзүнө карабастан жүздөгөн жылдарда калыптаган салттуу укуктардын ченемдерин уруунун ар бир мүчөсү кыйшаюусуз аткарып келген.

Постсоветтик мезгилде мыйзам чыгаруучу кайрадан кыргыздардын күнүмдүк укуктарына көңүлүн бурган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 37-беренесинде: "Кыргыз Республикасында адамдын укугу менен эркиндигин кемсинтпеген элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат." деп жазылган. Бул ченем кыргыздардын салттуу укуктарынын системасына мүнөздүү келген укуктук институттарды мыйзам менен бекитүүдө деталдаштырылат. Мисалы, үч катар айып, мал уурулук үчүн кылмыш жоопкерчилиги, аксакалдар соту сыяктуу жазанын түрү. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама каршы келген (мисалы, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинде аялды никеге мажбурлоого же никеге турууга тоскоолдук кылуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган) каада-салттарга жана үрп-адаттарга тыюу салынган.

Азыркы учурда калк арасында мамлекеттин криминалдашуусу тууралуу пикир жайылган. Чиновниктик аппаратта коррупциянын айрым учурларынын болушу менен бийликке ишеним тууралуу дагы, укуктун үстөмдүгү тууралуу дагы айтуу кыйын. Ошондой эле укуктук маданияттын калыптануу проблемаларына башка социалдык жөнгө салуучулар: морал, адеп-ахлактын төмөндөөсү сыяктуу факторлор таасирин тийгизет. Кылмыштуулук, калктын жалпы массасы тарабынан укукка каршы жүрүм-турумга карата көңүл кайдыгерликтин өсүшү - мунун бардыгы жаш муунду укуктук тарбиялоону жана эски муунга таасир этүүнү татаалдантат. Буга байланыштуу мектеп жашындагы балдардын укуктук маданиятын калыптандыруу ушул Концепциянын биринчи даражадагы милдети болуп калууга тийиш.

Мектеп окуучусунун укуктук маданияты адамдын жашоо турмушунда ишке ашырылуучу укуктук билимдерди, шыктуулукту, көндүмдөрдү камтыйт. Мектеп окуучусунун укуктук маданияты татаал интегративдүү түшүнүк болуп саналгандыктан, өзүнүн укуктук аң-сезиминин деңгээлин идентификациялоону эле эмес, ошондой эле мыйзамдуу жүрүм-турумдун идеалы тууралуу элестетүүлөрдү дагы камтыйт. Бирок жашы жете элек балдардын укуктук маданиятына жүргүзүлгөн талдоо окуучулардын укуктук аң-сезимин максатка багыттоо менен калыптандыруу керек деген бүтүм чыгарууга мүмкүндүк берет.

Мектеп окуучуларынын укуктук аң-сезимин калыптандыруу максатка багытталган укуктук тарбиялык иштерден турат, ал процессте жашы жете электер тарабынан укуктук баалуулуктарды, билимдерди, шыкты, укук чөйрөсүндө жүрүм-турумдун ченемдерин өзүнө сиңирүү жүрөт. Буга байланыштуу башталгыч мектептерде эле окуучуларды укуктук ченемдерге максатка багытталган, системалуу жана акырындык менен "чөгөрүүнү" уюштуруу жана аларды практикалык түрдө колдонуу мүмкүндүгүн берүү зарыл. Өспүрүмдөр негизги мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар, жүрүм-турум ченемдери тууралуу түшүнүктөргө ээ, бирок заманбап чындык бул түшүнүктөр иш жүзүндө бирдей мааниде эместигин көрсөтүүдө. Мектеп окуучуларынан: "Бул менин укугум", "Сиз менин укуктарымды бузуп жатасыз!" же "Сиздин кандай укугуңуз бар?" деген сөздөрдү дайыма угууга болот, бул кайсы бир деңгээлде укуктук билимдерге ээ экендигинин деңгээлин чагылдырат. Бирок, алардын жанында жүргөндөрдүн - классташтарынын, курбуларынын, педагогдордун ж.б. укуктары жөнүндө мектеп окуучулары тарабынан дайыма эле маани берилбейт.

Мектеп окуучусунун жеке укуктук аң-сезимин максатка багыттап калыптандыруу укуктук тарбиялоодо чоң мааниге ээ. Ал бир эле учурда жашы жете электердин укукка каршы жүрүм-турумунун алдын алуу жана педагогикалык теске салуунун маанилүү каражаты болуп саналат. Укуктук тарбиялоо - бул укуктук аң-сезимди, укуктук мыйзамдуу жүрүм-турумдун көндүмдөрүн жана адаттарын калыптандыруучу адамга уюштурулган, системаланган таасир этүү.

Жашы жете электерди укуктук тарбиялоонун максаты алардын укуктук аң-сезимин калыптандырууда, ушул негизде аң-сезимдүү жана активдүү мыйзам ченемдүү жүрүм-турумду камсыздоодо жатат. Бул максатка жетүү төмөнкүдөй жолдор аркылуу ишке ашырылат: а) мектеп окуучулары тарабынан укуктук ченемдер тууралуу билимдердин белгилүү көлөмүн өздөштүрүү; б) класстан тышкары жана мектептен тышкары ж.б. иштерде уюштурулган укуктук агартуу. Ошол эле учурда мектеп окуучуларын укуктук тарбиялоону уюштурууга карата төмөнкүдөй талаптарды бөлүп кароого болот:

- окуучуларга карата системалуу жана жиктелген мамиленин болушу;

- кабарланган маалыматка карата жакшы эмоционалдык мамилеге дем берүү;

- мектеп окуучуларынын укуктук билимдерге ээ болууга кызыгуусун активдештирүү;

- мектеп окуучуларынын күнүмдүк жашоосунан алынган фактылар менен укуктук маалыматты байланыштыруу, аларды өзүнүн кылган иштерин аң-сезимдүү баалоого үйрөтүү;

- укуктук билимдерди аң-сезимдүү өздөштүрүүнү камсыздоо;

- мектеп окуучуларынын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу.

Укуктук агартуу өз кезегинде окуучуларды укуктук тарбиялоонун негизи болуп калууга тийиш. Укуктук билим мектеп окуучулары тарабынан коомдук көрүнүштөрдү туура түшүнүүгө көмөктөшөт, алардын социалдык активдүүлүгүн өнүктүрүүгө түрткү болот, жашоодо багытын табууга, уруксат берилген жана тыюу салынган нерсенин ортосундагы чекти аныктоого, мыйзамдуу жолдорду жана жеке укугун жана кызыкчылыктарды коргоонун каражаттарын аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Мектеп окуучуларын укуктук агартуу аларда ой жүгүртүүнүн өзгөчө укуктук түшүнүктүк аппаратынын пайда болуусуна көмөктөшөт, анын жардамы менен сырттан келген укуктук маалыматты тандоо, классификациялоо жана кайра иштеп чыгуу жүргүзүлөт. Түшүнүктүк аппаратты түзүү - мектеп окуучуларын укуктук агартуунун маанилүү милдеттеринин бири жана укуктук билимдерди өз алдынча, туура жана аң-сезимдүү өздөштүрүүгө карата жөндөмдүүлүктөрдү ушинтип гана өнүктүрүүгө болот. Укуктук маалыматты жана укуктук чындыктын көрүнүштөрүн адекваттуу жана объективдүү кабыл алуу жөндөмдүүлүгү укуктук билимдүүлүк үчүн дагы, ошондой эле адамдын укуктук тарбиялуулугу үчүн дагы зарыл болгон шартты түзөт.

Укуктук маданияттын, анын ичинде адамдын укуктук аң-сезиминин калыптануусуна таасирин тийгизген факторлор - укуктук окутуунун жана тарбиялоонун абалына жүргүзүлгөн талдоо ушул тапта актуалдуу маселелердин катарында жана аталган проблемаларды чечүүнү талап кылат. Ошону менен бирге белгиленген чөйрөдө реформаларды жүргүзүүдө укуктук маданият институтун тар мааниде түшүнүүгө болбойт, ал ар бир адамдын укукка карата позитивдүү (жакшы) мамилеси катары кабылданышы керек.

III. Проблемалар жана өнүгүү моделин тандоо

Ушул Концепцияны иштеп чыгуунун зарылдыгы негизин адам, анын укуктары жана эркиндиги түзгөн мамлекеттин стратегиялык документтеринде белгиленген жана өлкөнү өнүктүрүү максаттарына байланыштуу келип чыкты.

Укуктук менталитет баштапкы пайдубалды түптөйт жана адамдын укуктук калыптануусун таануу жана калыптандыруу процессинин жекече өзгөчөлүгүн түзөт жана тажрыйбага ээ болуу, ага талдоо жүргүзүү, өзүнүн укуктук ишенимдерин калыптандыруу аркылуу укуктук аң сезимдин негизинде орун алат.

Укуктук менталитет кыргызстандыктардын укукка, анын коомдогу аракеттенүү мүнөзүнө жана ролуна карата туруктуу дүйнө таанымы катары элдин тарыхый тажрыйбасы, жарандардын билим деңгээли, географиялык өзгөчөлүктөр, чарбакерлик ыкмалары, калктын көп этностуу курамы, ааламдык жана аймактык процесстер сыяктуу ички жана тышкы факторлордун таасири алдында калыптанат.

2005 жана 2010-жылдардагы окуялар мамлекеттик-укуктук түзүлүш чөйрөсүндө жүргүзүлгөн көптөгөн реформалардын, укуктук менталитет менен катышы жок жана аны өзгөртүү үчүн системалуу аракеттерсиз ишке ашырылып жаткан көпчүлүк башкаруучулук чечимдердин натыйжасыздыгынын жыйынтыгы болуп калды.

Заманбап Кыргызстанда укуктук аң-сезим жана укуктук маданияттын деңгээли өлкөнү өнүктүрүүнүн муктаждыктарына жооп бербей тургандыгы бүгүнкү күндө актуалдуу болуп саналат.

Буга чейин укуктук маданиятты жогорулатуу боюнча көрүлгөн чаралар жетишсиз болуп калды жана кыргызстандыктардын укуктук менталитетин олуттуу өзгөртүүгө алып келген жок. Мындай абалдын себептеринин бири - укуктук пропаганда, укуктук окутуу жана тарбиялоонун өзгөчө айыл жеринде жетишсиздиги.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда укуктук ченемдер учурда болгон жана колдонуудагы кыргыз элинин каада-салттарын жана үрп-адаттарын толугу менен чагылдырбайт. Бул колдонуудагы мыйзамдарды укуктук менталдуулуктан обочо кылат, демек дайыма эле натыйжалуу боло бербейт, анткени элдин көз карашынан алганда башкаруучулук жана соттук чечимдер акыйкатсыз кабыл алынат.

Укуктук окутуунун жана укуктук тарбиянын колдонуудагы тажрыйбасы жетишсиз, ведомстволук документтерде жазылган чаралар чектелген. Жыйынтыгында жарандарда мыйзамга баш ийген жүрүм-турумдун туура укуктук модели жок. Жашоодо алар көп учурда өзүнүн интуициясын, туура эмес же компетентсиз кеңештерди колдонушат.

Укуктук маданият чөйрөсүндө аракеттерди программалаштырууда кыргыз элине авторитаризмди четке кагуу жана аң-сезимдүү деңгээлде базалык демократиялык баалуулуктарга жакындык мүнөздүү экендигин эске алуу керек.

Бул максаттарга жетүүгө токтоосуз чечүүнү талап кылган бир катар проблемалар тоскоол боло тургандыгы айдан ачык болууда:

1. Жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушунун жыйынтыгы катары мамлекеттик башкаруу системасына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына болгон ишенимдин төмөндүгү, бул аларды укуктун үстөмдүгүн камсыздоого багытталган реформаларды жүргүзүү боюнча аракеттерге толук бойдон тартууга мүмкүндүк бербейт.

2. Укуктук пропаганданын, калктын кеңири катмарын укуктук окутуунун жана тарбиялоонун колдонуудагы мазмуну жана ыкмалары толук көлөмдө кабыл алынбайт, анткени чектелген жана калктын көпчүлүк бөлүгү үчүн заман талабына жооп бербейт, бул укуктук менталитетке аныктоочу таасирин тийгизет.

3. Укуктук маданиятты жогорулатуу боюнча ведомстволор аралык жана секторлор аралык координациялоонун болгон деңгээли көптөгөн натыйжаларды алууну жана өзгөртүүлөрдүн туруктуулугун камсыздабайт.

4. Укуктук пропаганда, окутуу жана тарбиялоо сыяктуу укуктук маданияттын айрым элементтерин өнүктүрүү боюнча иштерди ресурстук камсыздоого карата колдонулуучу ыкмалар жетиштүүлүк жана натыйжалуулук көз карашынан алганда кайра карап чыгууну талап кылат.

Бул проблемаларды чечүү белгиленген максаттарды ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү жана узак мөөнөттүү келечекте масштабдуу иштерди ишке ашыруу үчүн негиз түзүүчү программалык-максаттык ыкманы пайдаланууну талап кылат.

Программалык-максаттык ыкманын мааниси максаттарды так аныктоодо, программаларды жана коюлган максаттарга оптималдуу жетишүү үчүн пландарды иштеп чыгууда, аларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ресурстарды бөлүүдө, аларды аткарууга жетекчиликти уюштурууда турат. Бул ыкманы пайдалануу тажрыйбасы биздин өлкөдө бар жана өзгөрүүлөрдү башкаруу боюнча башка башкаруучулук аспаптардын алдындагы өзүнүн артыкчылыктарын көрсөтүп жатат.

IV. Артыкчылыктар, милдеттер жана чаралар

4.1. Укуктук окутууну жана тарбиялоону өнүктүрүү

"Укуктук окутууну жана тарбиялоону өнүктүрүү" артыкчылыктарынын чегинде укуктук окутууну жана тарбиялоону системалаштыруу жана кеңейтүү болжолдонот.

Бул милдет төмөндөгү иш-чараларды аткарууну камтыйт: баштапкы мектеп үчүн "Мекен таануу" курсуна балдар үчүн жеткиликтүү деңгээлде адам укуктары жана укук тармактары менен таанышууну кошуу (1-4-класстар), негизги жалпы билим берүү (5-7-класстар) үчүн "Адам жана коом" курсуна укук, укукту сыйлоо/укуктун үстөмдүгүнүн маселелери боюнча материалдарды кошуу, ошондой эле 9-11-класстын окуучулары үчүн окутуучу материалдардын пакетин, укукту сыйлоо/укуктун үстөмдүгүнүн маселелери боюнча мугалимдер үчүн методикалык колдонмону киргизүү жана иштеп чыгуу; ЖМК аркылуу жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча билим берүү медиа долбоорлорун ишке киргизүү; укуктук негиздер боюнча окуучулар үчүн (мектеп окуучулары) олимпиаданы жыл сайын өткөрүү; жалпы билим берүү уюмдардын тарбия берүү пландарына чыр-чатактарды зомбулуксуз чечүү боюнча иш-чараларды киргизүү; жатак жайлар тибиндеги балдар мекемелеринде багылган балдарды, ошондой эле эркиндигинен ажыратылган жерлердеги адамдарга укуктук жана диний тарбия берүү боюнча программаны киргизүү.

4.2. Укуктук пропаганданын натыйжалуулугун жогорулатуу

"Укуктук пропаганданын сапатын жогорулатуу" артыкчылыктарынын чегинде төмөнкүдөй милдеттерди аткаруу болжолдонот: (а) укуктук пропаганданын натыйжалуулугун жогорулатуу; (б) жарандардын мамлекетке жана анын институттарына укуктук системанын натыйжалуулугуна ишенимин бекемдөө; (в) адамдын жана жарандын мыйзамдуу жүрүм-турумун пропагандалоо.

Биринчи милдетти ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй чараларды аткаруу болжолдонот: (а) калкты укуктук пропагандалоо боюнча методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу; (б) региондордо жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча мамлекеттик социалдык заказды жайылтуу; (в) калктын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча медиа планды иштеп чыгуу; (г) өлкөдөгү укуктук маданияттын абалына талдоо жүргүзүү; (д) мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ведомстволук сайттарына укукту түшүндүрүүчү бөлүмдөрдү (рубрикаларды) түзүү, аларда зарыл болгон укуктук маалыматты жайгаштыруу (жарыялоо).

Экинчи милдетти аткаруу үчүн төмөндөгү чаралар пландалды: (а) мамлекеттик жана муниципалдык органдарга калктын ишеним индексинин коэффициентин жогорулатуу боюнча иш-чаралардын ведомстволук пландарын иштеп чыгуу; (б) министрликтер, ведомстволор жөнүндө жоболордо тейлеп жаткан тармактарына ылайык калкты укуктук пропагандалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү боюнча функция менен толуктоо жана ушул функцияны ишке ашыруу боюнча отчеттуулук тажрыйбасын киргизүү; (в) министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин аракеттеринин/милдеттемелеринин пландарына жасалган иштери тууралуу кеңири маалыматтык кампанияны өткөрүү, ошондой эле тейлеген тармактары боюнча ЖМКда ченемдик укуктук актыларды түшүндүрүү менен чыгып сүйлөө; (г) укуктук тематикада жалпы билим берүүчү мекемелерде (мектептерде) жана жогорку окуу жайларында (ЖОЖдордо) түшүндүрүү лекцияларын өткөрүү тажрыйбасын жайылтуу.

Үчүнчү милдетти ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй чараларды жүзөгө ашыруу зарыл: (а) талаштарды (карама-каршылыктарды) чечүүнүн укуктук ыкмаларынын натыйжалуулугун даана тастыктоо үчүн медиа продуктуларды иштеп чыгуу жана басып чыгаруу; (б) жарандардын укуктук жүрүм-турумдарынын жакшы үлгүлөрүн ЖМК жана Интернет мейкиндиги аркылуу жайылтуу тажрыйбасын киргизүү; (в) "Тилектештик автобусунун" жардамы менен укуктук маалымат жана кеңештерди берүү тажрыйбасын жайылтуу; (г) коомдук-алдын алуу борборлору үчүн укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чаралардын типтүү планын жана методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу; (д) укукту урматтоо боюнча мамилелерди мыкты чагылдыргандыгы үчүн журналисттерге жыл сайын сыйлыктарды белгилөө; (е) укуктук тематика боюнча социалдык роликтерди түзүү жана көрсөтүү.

V. Тобокелдиктерди баалоо

Концепцияны ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыгышы мүмкүн болгон төмөнкүдөй тобокелдиктер белгиленет:

- Концепцияны ишке ашыруунун жүрүшүндө каралган бюджеттик каражаттардын көлөмдөрүнүн кыскарышы, бул Концепцияны ишке ашыруу Планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, көрсөткүчтөрдүн максаттык маанилерин кайра карап чыгууну жана балким айрым иш-чараларды жүзөгө ашыруудан баш тартууну талап кылат;

- убакыттын өтүшү менен айрым иш-чаралардын маанисинин жоголушу;

- Концепцияны ишке ашыруунун мөөнөтүнүн узактыгы жана натыйжада белгисиздиктин өсүшү жана пландалган максаттык көрсөткүчтөрдөн четтөө;

- Концепциянын иш-чараларын ишке ашыруу процессин уюштуруунун жана башкаруунун натыйжасыздыгы;

- бюджеттик каражаттарды пайдалануунун төмөн натыйжалуулугу;

- Концепцияны жана Планды аткаруучулардын аны аткаруудагы аткаруучулук дисциплиналарынын деңгээлинин жетишсиздиги.

Тобокелдиктерди башкаруу чаралары:

- Концепцияны аткаруунун тышкы жана ички чөйрөсүнө, андан ары анын иш-чараларын баалоонун жана тандоонун критерийлерин кайра карап чыгуу менен комплекстүү талдоо жүргүзүү. Ички жана тышкы чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдөн улам программаны ишке ашыруунун механизмдерин жакшыртуу;

- мониторинг жүргүзүү жана анын жыйынтыктарынын негизинде ыкчам чара көрүү жана Концепцияга, максаттык көрсөткүчтөрдү аткарууга тескери таасирин тийгизген факторлордун таасирин азайтуучу же оңдоп-түзөтүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү;

- иш-чаралардын жүзөгө ашырууну, ошондой эле бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун контролдоонун таасирдүү системасын иштеп чыгуу жана жайылтуу;

- үзгүлтүксүз, анын ичинде Концепцияны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна жана таасирдүүлүгүнө тышкы баалоо жүргүзүү;

- Концепциянын катышуучуларынын жана ыйгарым укуктуу органдын натыйжалуу өз ара аракеттенишүүсүнө жетишүүгө багытталган чечимдерди кабыл алуу.

VI. Ресурстарды баалоо

Концепцияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык жеткиликтүү финансылык булактар мобилизацияланат.

2016-жылдан 2020-жылдарга чейинки мезгилде Концепциянын жалпы наркы (чараларды жана милдеттерди каржылоодогу муктаждык) 101,3 млн.. сомду түзөт. Мүмкүнчүлүктөр жалпысынан 42,2 млн.. сомдун - деңгээлинде (41,7%) бааланууда. Каржыланбай калган бөлүгү 59,1 млн.. сомду түзүүдө же 58,3%.

Концепциянын иш-чараларынын тастыкталган каржылоосу (42,2 млн.. сом) төмөнкүлөрдөн түзүлөт:

- республикалык бюджеттин каражаттарынан - 28,7 млн.. сом;

- жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан - 5,6 млн.. сом;

- донордук уюмдардын каражаттарынан - 8,0 млн.. сом.

Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан тастыкталган каржылоонун көлөмү, негизинен Концепцияны ишке ашырууга катышкан, ар кандай министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин эмгек чыгашасын баалоонун наркын түшүндүрөт.

Ошону менен бирге эле Концепцияны толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн 2017-жылдан 2020-жылдарга чейинки мезгилде республикалык бюджеттин каражаттарынан 35,3 млн.. сом өлчөмүндө кошумча каржылоо бөлүнүшү керек. Бул сумманын негизги бөлүгү (33,2 млн.. сом) биринчи бөлүмдү "Укуктук окутуу жана тарбия берүүнү" ишке ашыруу үчүн керек.

Негизги бөлүмдөр боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөр келип чыкты:

1) укуктук окутуу жана билим берүүнү өнүктүрүү үчүн талап кылынган каржылоонун көлөмү 81,5 млн.. сомго бааланууда. Каржылоонун жалпы мүмкүндүктөрү 29,3 млн. сомду түзөт, анын ичинен: мамлекеттик бюджеттен 25,9 млн. сом (20,5 млн. сом республикалык бюджеттен жана 5,4 млн. сом жергиликтүү бюджеттен) жана донордук уюмдардын каражаттарынан 3,4 млн. сом. Ошентип бул бөлүктү каржылоо керектөөнүн 35,9% жабат. 52,2 млн. сом суммасындагы каражаттардын калган бөлүгүн издеп табуу керек, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынан (33,2 млн. сом) жана донордук уюмдардын каражаттарынан (19,0 млн. сом).

Республикалык бюджеттин каражаттарынан жетишсиз көлөмү төмөнкүлөрдөн түзүлөт:

- укуктун жалпы маселелери жана балдардын укуктары боюнча бала бакчалардын тарбиячыларынын квалификациясын жогорулатуу үчүн вариативдик модулдарды которуу жана нускалоо, иштеп чыгууга - 2018-2020-жылдары 2,8 млн. сом;

- окутуучу материалдарды нускалоо:

а) 1-4-класстар үчүн адам укуктары жана укук тармактары боюнча ("Мекен таануу" курсуна кошулат) - 2019-жылы 12,4 млн. сом;

б) 9-11-класстар үчүн укуктун үстөмдүгү/укукту сыйлоо маселелери боюнча - 2018-жылы 10,7 млн. сом.

Укук негиздери боюнча мугалимдер үчүн квалификация жогорулатуу боюнча курстарды өткөрүү (катышуучулардын жашап турууга, транспортко кеткен чыгымдары) - 5,5 млн. сом 2018-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилге (жыл сайын 1,8 млн. сомдон).

Эркиндигинен ажыратылган жерлердеги адамдарды укуктук агартуу жана балдарды укуктук тарбиялоо боюнча программаларды иштеп чыгуу, ошондой эле 2017-2018-жылдары тиешелүү тренингдерди өткөрүүгө - 1,7 млн. сом.

2) калкты укуктук пропагандалоонун сапатын жогорулатуу боюнча бөлүмдү каржылоого 19,8 млн. сом талап кылынат. Тастыкталган мүмкүндүк 13,0 млн. сомду түзөт же муктаждыктын 65,4%. 6,8 миллионго жакын сомду издеп табуу милдети турат, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынан (өлкөдө укуктук маданияттын абалын талдоо боюнча иштин алкагында социологиялык сурамжылоолорду өткөрүү үчүн 2020-жылы 2,1 млн. сомду) жана донордук уюмдардын каражаттарынан (4,7 млн. сом).

Ошентип Концепциянын артыкчылыктарын, милдеттерин жана чараларын ишке ашыруу жалпы суммасы 101,3 млн. сом финансылык ресурстарды талап кылат, анын ичинен тастыкталган каржылоо 41,7% же 42,2 млн. сомго камсыздалган.

VII. Концепцияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо

Концепцияны жана Пландын иш-чараларын аткарууга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана баалоо аларды ишке ашыруудагы прогресске көз салуунун натыйжалуу аспабы болуп калат, ал өз учурунда чечим кабыл алууга жана оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Индикаторлордун макулдашылган системасы мониторинг жүргүзүүнүн жана 2016-2020-жылдарга карата ушул Концепциянын алкактарында белгиленген артыкчылыктарды ишке ашыруудагы прогрессти орто аралык жана финалдык баалоонун ажырагыс бөлүгү болот. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлору сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөргө ээ, адамга, анын укуктарына, эркиндигине жана кызыкчылыктарына багытталат.

Мониторинг жүргүзүү үчүн маалыматтын булактары калкты сурамжылоонун жыйынтыктары, көз карандысыз баалоо жана мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттору болот.

Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлору Концепциянын аткарылышынын орто аралык жыйынтыктарына салынган ресурстарды, ошондой эле акыркы жыйынтыкгарды эске алуу менен, коюлган максатгар жана милдетгерди аткаруунун индикаторлору аркылуу байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктары башкаруучулук аспап катары иш-чаралардын/аракеттердин Планын оңдоп-түзөтүү үчүн, аткаруучулар жана өнөктөштөрдүн потенциалын жогорулатуу, ресурстарды рационалдуу пайдалануу үчүн колдонулат.

 

 

 

2016-2020-жылдарга
Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясына
тиркеме

2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун
МАТРИЦАСЫ

Милдеттер

Индикатордун аталышы

Өлчөө бирдиги

Базалык жыл (2016-жыл)

Орто-аралык индикаторлор (жылдык)

Акыркы индикаторлор же максаттык көрсөткүчтөр (2020-жыл)

Жооптуу орган

2017-ж.

2018-ж.

2019-ж.

I бөлүм. Укуктук окутуу жана тарбия берүүнү өнүктүрүү

1.1

Укуктук окутуу жана тарбия берүүнү кеңейтүү жана системалаштыруу

Укуктук окутуу жана тарбия берүүнү методикалык камсыздоо

%

-

15%

15%

20%

50%

БИМ

II бөлүм. Калкты укуктук пропагандалоонун сапатын жогорулатуу

2.1

Укуктук пропаганданын натыйжалуулугун жогорулатуу

Укуктук сабаттуулук/калктар тарабынан укуктук ой-жүгүртүүнүн жана укуктун айкындыгын сезим менен кабылдоонун деңгээли

%

-

15%

20%

25%

40%

ЮМ

2.2

Мамлекетке жана анын институттарына, укуктук системанын натыйжалуулугуна жарандардын ишенимин бекемдөө

Жарандардын ишеним индекси

%

-

15%

20%

25%

45%

Министрликтер жана ведомстволор

2.3

Жарандын жана адамдын мыйзамдуу жүрүм-турумун пропагандалоо

Укуктук ченемдерди сактоо

%

-

15%

15%

25%

45%

ЮМ, ММТМ

 

 

Тизмеге кайра баруу
Вверх