ЖӨБ экономикалык өнүгүү

ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТЕР

Бюджеттер аралык мамилелер системасы “2018-2040-жылдардагы мезгилге Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына”, КР Бюджеттик кодексине, ошондой эле 2016-2019-жылдар мезгилине бюджет аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясына ылайык түзүлөт. 
2019-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүүдө жергиликтүү бюджеттин киреше базасын бекемдөө максатында 2018-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу салык агенти тарабынан төлөнгөн киреше салыгынан чегерүүлөрдүн нормативдерин 20%га көбөйтүү пландалууда.
Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылга долбоору жана 2020-2021-жылдарга болжолу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын жана эки деңгээлдүү бюджет системасынын негизинде аныкталды. Жергиликтүү бюджеттердин  жалпы саны 484 бирдикти түзөт. Алардын ичинде: республикалык маанидеги  2 шаар, облустук маанидеги 12 шаар, райондук маанидеги 17 шаар  жана 453 айыл аймагы бар.
2019-жылга республиканын жергиликтүү бюджеттеринин долбоорунун жалпы көлөмү 1 679,5 млн сомго же 2018-жылдын бекитилген бюджетинен 8,4%га көбөйүү менен 21 770,1 млн. сомду түзөт. Чыгымдар 2019-жылга ИДП деңгээлинен 3,6%ды түзөт.

Жергиликтүү бюджеттерин көлөмдөрү

(млн. сом)

Аталышы

              2017-ж факт

2018-ж бекит

2019-ж. бюджет долбоору

Четтөө          

2020-жылга болжол

2021-жылга болжол

1

2

3

4

5

7

8

Жеке кирешелер

14 702,5

15 833,6  

  18 712,8  

2 879,2

20 099,7  

21 361,9  

Теңөө трансфертттери

1 818,2

1 850,0  

2 000,3  

150,3

1 967,3     

1 917,4  

Максаттуу трансферттер

3 664,6

2 407,0

1 057,0

-1 350,0

900,0

850,0

Бардыгы

20 185,3

20 090,6  

21 770,1  

1 679,5

22 967,0  

24 129,3  

2019-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүүдө  жалпы мамлекеттик жана башка кирешелерден чегерүү ченемдери:
- салык агенти тарабынан төлөнгөн киреше салыгынан - 70 %;
-  сатуудан алынуучу салык - 50 %;
- ыктыярдуу патент негизинде салык, милдеттүү патент негизиндеги салык, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн - 100%
- жер казынасын пайдалангандуу үчүн салык (стратегиялык пайдалуу кендерден тышкары роялти: алтын, мунай зат, газ) - 50 %.
Жергиликтүү бюджетти түзүүдө жана аткарууда чыгымдардын артыкчылыктуу багыттары корголгон беренелер, коммуналдык тейлөө жана көмүр сатып алуу болуп саналат. 
Жергиликтүү бюджеттердин билим берүү системасын каржылоонун республикалык бюджетке Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруусуна которулгандыгына карабастан билим берүү системасынын муниципалдык менчигинин объекттерин күтүү боюнча чыгымдарды каржылоо мыйзам боюнча жергиликтүү бюджетте калат. 
2019-жылга теңдөөчү трансферттер 2 000,3 млн. сом суммада эсептелген. Теңөөчү трансфеттердин өлчөмүнүн көбөйүшү мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акы системасын өркүндөтүүнүн жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун алкагында муниципалдык кызматтардын жумушчуларынын эмгек акысынын жогорулашына байланышкан.  
Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеке кирешеси жана теңөөчү гранттар коммуналдык кызматтардын чыгымдарын каржылоо булагы болуп саналат.  
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  “бюджеттик камсыздуулук” маанисин эсептөө негизин кабыл алуу теӊөө трансферттерин түзүүнүн өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп саналат, ал айылдык аймактардын жана шаарлардын бюджетине түшүүчү жана бир тургунга эсептөөдөгү бюджеттик кызматтарды көрсөтүүнүн наркына таасир берүүчү шарттарды эсепке алуу менен, тийиштүү аймактын экономикалык өнүгүү деңгээлине карата айылдык аймактардын жана шаарлардын бюджетине түшүүчү бир тургунга эсептөөдөгү киреше көлөмүн камтыйт.
Жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын эсептөө үчүн теңөөчү гранттарды бөлүштүрүү эсеби методикасында математикалык формула боюнча эсептелген үч жылдык базадагы маалыматтар пайдаланылат. 
Кийин “бюджеттик камсыздуулукту” теңөө үчүн негиз  жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрүнө базаланган жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын эсептөө болуп саналат, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын   жеке кирешесин жыйноону жогорулатуусуна мүмкүндүк берет жана алардын чыгымдарды оптимизациялоону талап кылат. 
2019-жылга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 1 057,0 млн сом суммада максаттуу трансферттерди кароо пландалууда, ал төмөнкү чыгымдарды камтыйт: 
-     республиканын бийик тоолуу  жана алыскы райондорунда жашаган калктын электр энергиясына кеткен чыгымдардын 50%ын компенсациялоону;
-     Ош шаарынын жылуулук энергиясын компенсациялоону;
-    мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүнү;
-    финансылык айырманы жабуу;
- “эң мыкты айыл өкмөтү” конкурсу;
-    жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  аймактарынын   башкы пландарын  этап менен иштеп  чыгууну;
-    жергиликтүү бюджеттерге кирешелердин түшпөй калууларын компенсациялоону (бекитилген жергиликтүү бюджетке мониторингдин жана талдоонун  негизинде жана жергиликтүү бюджеттерге ай сайын  кирешелердин түшүүлөрү менен бөлүнөт).
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын стимулдоо максатында, максаттуу трансферттер боюнча өздүк кирешелерди көбөйтүүдө 100,0 млн. сом суммасындагы кошумча каражаттар каралууда, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык бөлүштүрүлөт. Максаттуу трансферттерди берүүнүн негизги шарттары кирешелердин айрым түрлөрү боюнча ашыкча аткаруу болуп саналат (айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы, Жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы жана калктуу конуштардагы жерлердин ижарасы үчүн акы). Стимулдоо толугу менен айыл өкмөттөргө багытталат. 
Каражаттардын көлөмү болжолдуу эсептөөлөр боюнча орточо алганда кирешелеринин жыйынтыгы айырмаланган, суммардык туюнтууда жогоруда аталган түрлөр боюнча ашыкча (130%дан ашык) аткарган 30 мыкты айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Бул иш-чара жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше потенциалын олуттуу жакшыртууга мүмкүндүк берет. 
Региондорду өнүктүрүү фонддору
Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес төлөмдөрү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, жергиликтүү маанидеги инфраструктураны  өнүктүрүүгө жана пайдалуу кен чыккан жери боюнча тийиштүү жергиликтүү бюджеттерге жана күтүүгө областы өнүктүрүү фондуна пайдалуу кен казып алуулардан  сатуудан алынган кыйыр салыктарды эсепке алуусуз  түшүүлөрдүн 2% өлчөмүндө чегерүүлөр жүргүзүлөт.
   “Региондорду өнүктүрүү фонддорун калыптандыруу тартиби жөнүндө” Типтүү Жобого ылайык фонддор региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүнү жана күтүүнү каржылоо, максаттуу багыттагы башка иш-чараларды ишке ашыруу үчүн түзүлгөн.
Райондорду жана облустарды өнүктүрүү фонддорунун чыгымдары 7049 «башка категорияларга таандык болбогон экономикалык маселелер бөлүмү боюнча» 2019-жылга  382,2 млн. сом суммасында каралган, көбөйүү 2018-жылдын бекитилген бюджетине карата 89,4 млн. сом, анын ичинен: Облустарды өнүктүрүү фонддору -  98,5 млн. сом, 2018-жылдын бекитилген бюджетине карата көбөйүү 57,5 млн. сом жана райондорду өнүктүрүү фонддоруна - 283,8 млн. сом, 2018-жылдын бекитилген бюджетине карата көбөйүү 31,9 млн. сом. 

Жеке жактардын киреше салыгы 
2019-2021-жылдарга киреше салыгы боюнча болжолдуу көрсөткүч Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык, мурдагы жылдардын түшүү динамикасына, 2018-жылы салыктардын түшүүсүн баалоого, ошондой эле орточо айлык эмгек акынын  болжолдуу көрсөткүчүнүн жана калктын акча кирешелеринин негизинде эсептелген. 
Натыйжада, жалпысынан киреше салыгы боюнча болжол 2019-жылга 10 515,0 млн сом суммада же ИДПга карата 1,7% деңгээлинде эсептелген. Кийинки эки жылдын аралыгында киреше салыгы боюнча жыйымдар  тийиштүү түрдө 11 528,0 млн.сом жана 12 377,0 млн.сомду түзөт. 2019-2021-жылдардагы мезгилде салыктын өсүш деңгээли  бир жылга орточо 6,5 %ды түзөт.
Бул салык төмөндөгү пропорцияда чегерилүүгө тийиш 
•     2019 –жылы  республикалык бюджет – 30 %, жергиликтүү бюджет – 70 %;
•     2020 -жылы  республикалык бюджет – 15 %, жергиликтүү бюджет – 85 %; 
•     2021 -жылы жергиликтүү бюджет – 100 %. 
Сатуудан алынуучу салык
Сатуудан алынуучу салыктын түшүүлөрүнүн эсеби Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын эске алуу менен 2018-жылга болжолдонгон экономикалык көрсөткүчтөрүнө, салыктын күтүлгөн баасына негизделди. Баяндалгандарды эске алуу менен, сатуудан алынуучу салык 2019-жылга  4 772,3  млн. сом өлчөмүндө болжолдонгон, 2018-жылдын бекитилген көрсөткүчүнө карата өсүш арымы 4,5%ды түзөт. 2020-2021-жылдарда түшүүлөрдүн болжолдуу эсептөөлөрүнө ылайык жылына 5 298,2 млн. сомду жана  5  899,5 млн. сомду түзөт, жылдык орточо өсүш арымы 111,2%.
Бул салык төмөнкүдөй пропорцияда чегерилүүгө тийиш:
 2019 -жылы республикалык бюджетке – 50 %, жергиликтүү бюджеттерге – 50 %;
 2020 -жылы республикалык бюджетке – 75 %, жергиликтүү бюджеттерге – 25 %; 
 2021 жылы республикалык бюджетке – 100 %. 
Жер казынасын пайдалануу үчүн салык
Бюджеттин долбоорунда жер казынасын пайдалануу үчүн 2019-2021-жылдарга салыктын түшүүлөрүнүн болжолу Кыргыз Республикасынын  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, ошондой эле салык мыйзамдарында белгиленген коюмдарды колдонуу менен,  пайдалуу кен чыккан жерлерди казуунун, мурдагы жылдардагы түшүүлөрдүн жана 2018-жылга салык жыйымын баалоонун негизинде белгиленди. 
2019-2021-жылдарга  230,0 млн. сом өлчөмүндө бонустардын жылдык түшүүлөрү пландалууда.  Бонустардан  түшүүлөр  толук көлөмдө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.
 Роялтиден түшүүлөр 2019-жылы 983,7  млн. сом өлчөмүндө, 2020-2021-жылдарда  тийиштүү түрдө 1053,3 млн.сом жана  1 128,3 млн.сом өлчөмүндө болжолдонууда. 2019-2020-жж. Алтын, мунай, газды, кошпогондо роялти жыйымдары республикалык бюджетке - 50%, жергиликтүү бюджетке – 50% чегерилет. Бонустардан түшүүлөр толук көлөмдө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар
Орто мөөнөттүү мезгилге дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду каржылоону өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча негизги милдеттер төмөнкүлөр болуп эсептелет:
    - долбоорлордун артыкчылыктарын аныктоодо жергиликтүү өнүктүрүүнү бирге пландоого кызыкдар жарандарды социалдык  мобилизациялоо;
     - долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу тартибин киргизүү;
      - долбоорлорду карап чыгуу жана тандап алуу жол-жоболор маселелерин тартиптештирүү;  
         - долбоорлорду баллдык система боюнча критерийлердин негизинде тандап алуу;
     - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кызыкдар тараптарды жана бенефициарларды, ошондой эле мамлекеттик финансыларды башкаруу боюнча аймактык органдардын өкүлдөрүн тартуу менен долбоорлорго мониторинг жана баалоо системасын киргизүү.
    Жогоруда аталган милдеттерди ишке ашыруу дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын механизминин ачык-айкындыгын жана региондорду өнүктүрүүгө маанилүү салым кошууну камсыздайт. 
“2017-жылга республикалык бюджет жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда дем берүүчү (үлүштүк) гранттар беренеси боюнча 500 000,0 миң сом суммада каражаттар каралган. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын жыйынынын протоколуна ылайык дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 2017-жылы ишке ашырууга 210 долбоор бекитилген. 
“2018-жылга республикалык бюджет жана 2019-2020-жылдарга  болжолу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда дем берүүчү (үлүштүк) гранттар беренеси боюнча 500 000,0 миң сом суммада каражаттар каралган. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын жыйынынын протоколуна ылайык дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 2018-жылы ишке ашырууга 213 долбоор бекитилген. 
    Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, турак жай-коммуналдык, айыл, суу чарба мекемелеринин жана башка объекттердин жардамчы жана кошумча объекттерин куруу жана реконструкциялоо, көрктөндүрүү, оңдоо боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталат жана жергиликтүү бюджеттин, эл аралык уюмдардын жана башка субъекттердин мобилизацияланган ресурстарына кошумча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кош каржылоо түрүндө берилет. 
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга келип түшкөн долбоорлор кыска мөөнөттүү болот (учурдагы жылда бүтөт) жана негизинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфраструктурасынын объекттерин жакшыртууга багытталат.  
2017-жылы дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга 670 628,4 миң сом жалпы суммада 225 табыштама долбоорлор келип түшкөн, анын ичинен: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттары 144 835,9 миң сом; дем берүүчү (үлүштүк)   гранттарга муктаждык 525 792,5 миң сом. 
2018-жылы дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга 909 629,0 миң сом жалпы суммада 292 табыштама долбоорлор келип түшкөн, анын ичинен: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк каражаттары 199 589,7 миң сом; дем берүүчү (үлүштүк)   гранттарга муктаждык 710 039,7 миң сом.
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга келип түшкөн долбоорлор Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 
2018-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга долбоорлордун тизмеси  район, облустук деңгээлде шаар деңгээлинде долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын чечиминин негизинде жана квотанын көлөмүнө ылайык түзүлгөн. 
“Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда 
2019-жылга 600 млн.сом, 2020-жылга 700 млн. сом жана 2021-жылга 800 млн. сом көлөмдө дем берүүчү гранттар каралган. 
 

Вверх