Агенттиктин директорунун өздүк планы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Салиев Бахтияр Усмановичтин 2020-жылына Өздүк планынын аткарылышы боюнча маалымат

27.11.2020ж.

Планда – 7 милдет жана 11 иш-чара каралган. 4 иш-чара аткарылды, 2-жарым жылдыкта каралган 7 иш-чара аткарылууда.

Приоритеттүү багыттын аталышы

Индикатор/индикаторлор

Маалымат (ишке ашуу мөөнөтү)

1.

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодексинин долбоорун иштеп чыгуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодексинин долбоорун иштелип чыкты, Өкмөттүн кароосуна киргизилди, андан соң Жогорку Кеңешке жиберилди

 

 

(мөөнөтү-2020 жыл)

Кодекстин долбоорунун биринчи варианты иштелип чыгып, 22 — майдан тартып статьялар боюнча эксперттик талкуу жүрүп жатат. Жыйынтыктоо талкуу эксперттердин, адистердин жана МВРГнын айрым мүчөлөрүнүн катышуусу менен 16-18 сентябрда көчмө  семинарда болот. Жыйынтыгы менен долбоор редакциялык жактан түзөтүлүп, толукталып иштелип чыгып, Өкмөттүн 2019-жылдын 28-июндагыу № 240-б

буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун кароосуна киргизилди. Бирок аталган жумушчу тобунун курамында бир топ өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу курамды актуалдаштыруу максатында Өкмөттүн жогоруда көрсөтүлгөн буйругуна өзгөртүүлөрду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору даярдалып жана министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылып бүттү, үстүбуздөгү кундөрдо Өкмөттүн аппаратынын кароосуна киргизилип жатат.     Ушул эле буйруктун долбоору менен ведомстволор аралык жумушчу тобу тарабынан Кодекстин долбоорун бүткөрүү мөөнөтүн 2021-жылдын 31-мартына чейин, ал эми аны Агенттик тарабынан Өкмөткө киргизүүнүн мөөнөтүн 2021-жылдын 1-июлуна чейин узартуу каралып жатат.

2.

Административдик аймактык бирдиктерди ирээтке келтирүү

 

35 калктуу конуштар айыл статусун алышат

 

 

(мөөнөтү-IV квартал)

Агенттик тарабынан Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын и Чүй облустарынын 28 (12 жана 16) калктуу конуштарына айыл статусун ыйгаруу боюнча 2 мыйзам долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен жактырылып, 23-мартта Жогорку Кеңештин токтомдору кабыл алынды жана 2020-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын № 49 жана №50 мыйзамдары кабыл алынды.

Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана айыл өкмөттөрү  тарабынан документтерди мыйзам ченемдерине ылайык тапшырылышынын тартиби тууралуу китепче иштелип чыгып, облустарга таркатылды.

Ош жана Жалал-Абад облустарынын (17) калктуу конуштарына жана Базар-Коргон айыл аймагына шаар статусун ыйгаруу боюнча материалдар ВАКта каралып, 2 мыйзам долбоору Өкмөттүн сайтына 2020-жылдын 11-июнунда жайгаштырылып, макулдашуу процедурасынан өткөрүлүп, Өкмөттүн № 531 жана №532 токтомдору менен жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосунда.

26-ноябрда Ош жана Ысык-Көл облустарынын 2 калктуу конушун айыл категориясына киргизүү жана Чүй облусунун Аламүдүн жана Ленин айыл аймактарынын чек араларынын баяндамасын бекитүү боюнча материалдар ВАКтын жыйынында каралып, мыйзам долбоорлору Өкмөттүн сайтына коомдук талкууга жайгаштырууга жиберилди.

3.

«Санарип Кыргызстан 2019-2023» Концепциясынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин санариптештирүү

 

Маалыматтык тутумду иштеп чыгуу жана апробация кылуу бонча пилоттук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өткөрүү

 

 

 

 

 

Аткарылды

2020-жылы “Санарип аймак” чарба китебин санариптештирүү боюнча жумушчу топ тарабынан төрт тараптуу (ЖӨБЭММА, УСК, МКК, “Инфоком” МИ)  план иштелип жана макулдашылып,  8 пилоттук ЖӨБ органынын макулдугунун негизинде 2020-жылдын 5-мартындагы № 01-18/32 Агенттиктин буйругу менен бекитилди.

“Санарип аймак” түзүмү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын “Түндүк” мамлекеттик тутумуна кошулуусуна жана мамлекеттик органдардын маалыматтык базаларынан тиешелүү маалыматтарды онлайн түрдө алууга жана колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле, ЖӨБ органдарында маалыматтары жалпыланган түрдө борбордоштурулган базада топтолуп, сапаттуу анализ жана мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Маалыматтык тутумду ишке ашыруу менен муниципалдык кызматтар, анын ичинде жашаган жери, мал жандыктын саны жана үй-бүлөнүн курамы тууралуу маалым каттар берүү автоматташтырылат. Ушуну менен биргеликте мамлекеттик органдарга ЖӨБоргандары аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө жол ачылат.

2020-жылы март айында 9 пилоттук ЖӨБ органдардын өкүлдөрүнө окутуу жүргүзүлүп, тутумга кошулуп иш жүргүзүлдү.

Агенттик тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдар менен өз ара маалымат алмашуусу үчүн келишимдин долбоору иштелип чыгып, 8 мамлекттик органдар (Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы, Мамлекеттик салык кызматы, Ички иштер министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Социалдык фонду, Билим жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги) менен келишим түзүлдү.

Чарба китебин жүргүзүүгө укуктук негиз түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу Мыйзам долбоору даярдалып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин кароосунда.

“Санарип аймак” автоматташтырылган түзүмүн 453 айыл өкмөттө тутуштыруу үчүн Агенттик менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 453 айыл өкмөтү маршрутизатор (роутер) менен камсыз болду, жардамдын жалпы суммасы 1,9 млн. сом.

Маалыматтык тутум бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында ишке киризилди жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен маалымат алмашуу жүргүзүлдү

 

(мөөнөтү- II жарым жылдык)

2020-жылдын июль-сентябрь айларында “Санарип аймак”, “Infodocs” электрондук документ жүргүзүү жана «Е-Kyzmat» адам ресурстарын башкаруу автоматташтырылган маалыматтык тутумдарын региондордо жайылтуу максатында 7 облуста ишке киргизүү жана окутуу коронавирус илдетинин жайылыныша байланыштуу онлайн режиминде  өткөрүлдү.

Жеке жооптуу кызматкерлер менен окутуучулардын түзмө-түз окутуу зарыл болгондуктан,  илдеттин басаңдашына байланыштуу региондордогу окутуулар кошумча жер жерлерде райондук мамлекеттик администрациялардын базасында өткөрүлдү. 

Бүгүнкү күнгө республикалынын облустарында 418 айыл аймактары жана шаарлар “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумуна маршрутизатор аркылуу туташтырылып, ошол эле учурда «Е-Kyzmat»   “Infodocs” тутумдары туташтырылып, маалымат алмашуу жүргүзүлүүдө.

“Электрондук соода аянтчасы” маалыматтык тутумун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында пилоттук түрдө ишке киргизүү

 

Аткарылды

Муниципалдык мүлктү ижарага берүүнү ачык айкын өткөрүү жана  коррупциялык элементтерди жоюу максатында “Электрондук соода аянтчасы” маалыматтык системаны иштеп чыгуу чечими кабыл алынган.

Бул багытта “Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө” жана “Муниципалдык мүлктү сатуу боюнча электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө” жоболор бекитилди жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка, “Электрондук соода аянтчасы” маалыматтык системасы “Инфо-система” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыкты.

“Электрондук соода аянтчасы” маалыматтык системасынын тестирлөө иштери Токмок, Кант шаарларында жана Ново-Покровка айыл өкмөтүндө өткөрүлдү.

2020-жылдын июнь айынан бери “Электрондук соода аянтчасында” Ново-Покровка айыл өкмөтү боюнча 8 аукцион  өткөрүлдү.

2020-жылдын август айында Бишкек шаарынын мэриясын “Электрондук соода аянтчасы” маалыматтык системасына кошуу иштери жүргүзүлүп, муниципалдык менчиктеги ижарага берилүүчү 50 объект порталга жайгаштырылып, 14 аукцион өткөрүлдү.

“Электрондук соода аянтчасы” маалыматтык системага https://etp.okmot.kg/ порталы аркылуу кирүүгө болот.

 

ЖӨБ органдарынын кызматкерлерин окутууларды уюштуруу жана тутумду толук ишке киргизүү

(мөөнөтү- II жарым жылдык)

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары “Электрондук соода аянтчасы” маалыматтык тутумунда иштөө үчүн  https://etp.okmot.kg сайтында каттоодон өтүүсү зарыл экендиги боюнча 24kg, Пирамида телеканалдарында, атайын маалыматтык программаларда, социалдык тармактарда билдүрүүлөр жүргүзүлдү.

Мындан тышкары дистанттык режимде бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында окутууларды өткөрүү максатында 2020-жылдын сентябрь айына окуу графиги түзүлүп, бекитилди.

2020-жылдын 1-декабрынан 15-декабрына чейин бардык облустарда “Электрондук соода аянтчасы” маалыматтык системасы менен иштөө боюнча маалымат берилет жана порталга кошуу боюнча иштер жүргүзүлөт.

 

4.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына инвестицияларды тартуу боюнча эл аралык уюмдар (КОЙКА, Семаыль Ундонг) менен иштөөнүү уюштуруу

 

Чүй, Баткен, Ош облустарынын 30 айылында “Менин айылым” долбоорунун биринчи этабын аяктоо

 

Чүй облусунун 7 айылында “Жаңы айыл” долбоору боюнча иштерди жүргүзүү

 

Аткарылды

 

Корея мамлекетинин Эл аралык кызматташтык агенттиги (КОICА) менен кызматташууда “Менин айылым” долбоору биргеликте ишке ашырылат. Аталган долбоордун 1-этабында 30 айылды өздөштүрүү боюнча долбоорлорго 51,0 млн сом каражат берилген. 2020-жылдын май айына чейин 12 долбоор ишин аяктап, калган 18 долбоор боюнча иштер кышкы аба-ырайына жана СОVID-19 инфекциясынын жайылтпоого багытталган иштерден улам убактылуу токтотулган.

Ошол эле учурда  2020-жылдын 13-мартында  KOICA мекемесинин имаратында Корея Республикасынын Кыргызстандагы Өкүлү, KOICAнын өкүлү, аталган мекеменин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, Экономика министрлигинин, Агенттиктин өкүлдөрүнүн катышуусунда Долбоорду Башкаруу Комитетинин жыйынында долбоордун 1-жана 2- этаптарынын жүрүшү боюнча талкууланып, айылдардын долбоорлорун баалоо критерийлери бекитилди.

2020-жылдын 29-майында KOICA мекемесинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан Агенттиктин катышуусу менен долбоордо катышкан 30 айылга  COVID-19 инфекциясынан сактануу максатында жеке коргоочу каражаттар 26900 медициналык маскасы, 1450 антиспетикалык каражат таркатылды.

 

KOICA мекемеси тарабынан пандемияга карата долбоордун 1-этабынын аякталышы 2020-жылдын август айына жылдырылып, 30 долбоор  толук аяктады.

Социалдык объектилер:

— бала бакча имаратын куруу, оңдоо- 5

— мектептин ремонту, билим берүү борбору – 5

— ФАП имаратын куруу, оорукана ондоо — 3

Айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү:

— таза суу- 5

— сугат суусу- 2

— муниципалдык мончо — 1

— түнкү жарыктандыруу- 4

— жолду жасоо, асфальт төшөө — 3

Жашоочулардын эс алуусун камсыздоо:

— футбол аянтчасын, спорт зал куруу – 2

8-октябрда Долбоордун Координациялык Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлгөн баалолордун жыйынтыгы чыгарылып, базалык 30 пилоттук айылдардын 2-этапка долбоорлору бекитилип, ал 30 айылдын ичинен базалык грантка (1,7млн.сом), дагы кошумча акча каражаты бериле турган 15 айыл аныкталды.

 

Ал эми “Жаңы айыл Кыргызстанда” долбоору боюнча 2020-жылдын 1-жарым жылдыгына пландаштырылган Чүй облусунун 4 пилоттук жана кошумча 3 айылында айылды өнүктүрүү боюнча 7 долбоор аягына чыгарылды.

 

“Менин айылым” долбоорунун экинчи этабына Чүй, Баткен, Ош облустарынын 30 айылынын долбоорлордун даярдоо

 

Чүй облусунун 4 айылында “Жаңы айыл” долбоору боюнча иштерди жүргүзүү

 

(мөөнөтү- II жарым жылдык)

2020-жылдын май айынын 11-18ине чейин Долбоорду Башкаруу Комитети Гуд Нейборс компаниясынын өкүлдөрү тарабынан Чүй, Баткен, Ош облустарынын 30 айылынын лидерлерине долбоордун 2-этабына долбоорду түзүү жана 1-этаптын баалоо критерийлери боюнча дистанттык окуулар өткөрүлдү. 

 

Чүй облусунун Ак-Башат, Алыскы-Арал, Искра, Кош-Коргон айылдарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча Агенттиктин жана Кыргызстандагы “Семаыль Ундонг” кыймылынын өкүлдөрү менен биргеликте жерине чыгуу менен иштер жүргүзүлдү. Аталган айылдардын даярдаган долбоорлору Корея Республикасынын “Семаыль Ундонг” кыймылынын баштапкы офисинде жактырылып, 2020-жылдын 7,57 млн сом жардам ар бир айылдын Семаыль тобунун эсебине келип түшүп, 6 долбоор  боюнча иштер жүрүүдө.

5.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин  потенциалын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү жана усулдук, консультациялык колдоо көрсөтүү жана ЖӨБ органдарынын арасында мыкты тажрыйбаны жайылтуу

 

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарына жана жооптуу катчыларына, ЖӨБ органдарынын башчыларына жана кызматкерлерине санариптештирүү, финансылык башкаруу, аймакты өнүктүрүү негиздери, инвестиция тартуу боюнча окутуулар өткөрүлдү, ошондой “Эң мыкты айыл өкмөтү” республикалык конкурсу уюштурулуп, өткөрүлдү жана конкурста жеңген айыл өкмөттүн базасында семинар өткөрүлдү.

 

(мөөнөтү- жыл ичинде)

Региондорду өнүктүрүү боюнча  Улуттук диалогдун 2020-жылдын февраль айына пландаштырылгандыктан, Агенттик тарабынан өткөрүүлүүчү семинарлар 2020-жылдын 1-жарым жылдыгына жылдырылган, бирок өлкөбүздө ӨК жарыялгандыктан, СОVID-19 инфекциясын жайылтпоо максатында окутуулар эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин токтотулган.

2020-жылдын июль айында “Санарип аймак”, “Infodocs” (СЭД) электрондук документ жүргүзүү жана «Е-Kyzmat» адам ресурстарын башкаруу автоматташтырылган маалыматтык тутумдарын региондордо жайылтуу максатында окутуу жана ишке киргизүү боюнча онлайн режиминде 7 облуста өткөрүлдү.  

Октябрь-ноябрь айлары ар бир райондук администрациялардын базасында 453 айыл өкмөттүн жана шаар мэриялардын өкүлдөрү үчүн окутуулар жүргүзүлдү.

2020-жылдын 17-19 ноябрь күндөрү Семаылды Глобалдаштыруу Фондунун каржылоосунда Агенттик менен биргеликте «Аймактарды өнүктүрүүдөгү жергиликтүү жаматтардын ролу» темадагы семинар-тренинг Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл аймагында, Талас, Нарын, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым айылдарынын лидерлери жана Бишкек шаарынын айрым  конуштарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп тажрыйба алмашуулар жүргүзүлдү.

2020-жылдын 1-15-декабрь күндөрү  шаардын мэрлери, шаардык кеңештин төрагалары, айыл өкмөт башчылары жана айылдык кеңештин төрагаларынын катышуусунда 7 облуста жолугушуу өткөрүү пландаштырылууда.

 

 

6.

Мониторинг борборунун жана этностор аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдамалардын техникалык колдоосунун ишмердүүлүгүнүн туруктуулугун камсыздоо

 

Көп этностуу район шаарларда этностор аралык жана диний өңүттөгү 

чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча 2020-жылдын 1-жарым жылдыгында 350, 2020-жылдын 2-жарым жылдыгында 400

профилактикалык иштер аткарылды

Аткарылды

Агенттиктин этностор аралык чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо системасынын ишмердүүлүгүнүн жана анын туруктуулугун камсыздоо максатында, б.а., Мониторинг борборунун жана көп этностуу район шаарлардагы 23 коомдук кабылдамаларынын ишмердүүлүгүн колдоо, алардын потенциалын жогорулатуу боюнча, 2020-жылдын 11 ай ичинде 11 иш-чара: 3-семинар -тренинг, 5- вебинар, 2 кеңешме, 1-презентация уюштурулуп ѳткѳрүлгѳн, мындан тышкары 1 видео форум өткөрүлдү.

Агенттиктин этностор аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдамаларынын жооптуу катчылары, коомдук консультативдик кеңештин мүчөлөрү,  КР ИИМдин, КР УКМКнын жана ЖӨБОнун өкүлдөрү  менен (көп этностуу 18 район жана 5 шаарда) этникалык коомчулуктун ар өкүлдөрү жашаган аймакта, 813 профилактикалык иш жүргүзүп, 247 кайрылууларды карап, алар боюнча 85 сунуш мамлекеттик жана ЖӨБ органдарына берилип, тиешелүү чаралар көрүлдү. Аталган иш-чаралар улуттук коопсуздукту бекемдөө жана социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн шартты түзгөн элдин биримдигин бекемдөөгө жана жарандык бирдейликти өнүктүрүүгө багытталган.

2020-жылдын 31-январында Агенттик менен  ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси долбоордук кызматташуу боюнча Макулдашууга кол коюшушту.

2020-жылдын 3-мартында Агенттик менен ЕККУ Макулдашуунун алкагында, Агенттиктин ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында 23 кеңсе техникаларын беришти.

2020-жылдын 12-13 мартында ЕККУ “Чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо тутумун колдоо” долбоорунун алкагында коомдук кабылдамалардын жооптуу катчылары, Агенттиктин Мониторинг борборунун аналитиктери үчүн полиэтникалык район, шаарлардагы этностор аралык маселелер тууралуу мониторинг жана чыр-чатактын анализи боюнча эки күндүк тренинг болуп өттү, катышуучуларга чыр-чатактардын анализи, маалыматты топтоонун ыкмалары жөнүндө окуу өттү.

2020-жылдын 14, 27 май Агенттик жана Борбордук Азиядагы Евразия Фондунун (БАЕФ) ортосундагы планына ылайык, долбоордун алкагында, этностуу район шаарлардагы коомдук кабылдамалардын жооптуу катчылары үчүн “Онлайн режиминдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар” аттуу темадагы вебинар окуусу жана 2020-жылдын 29 май күнү “Коомдук мониторинг” темасындагы  вебинары болуп өттү.

2020-жылдын 18-19-август күндөрү Агенттик жана БАЕФнун тарабынан «Элдердин биримдүүлүгү ар түрдүүлүк» долбоорунун алкагында жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери, регионалдык өкүлдөр жана Агенттиктин жооптуу катчылары үчүн «Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө гендердик сезимтал мамилени колдонуу» деген темада 2 видео конференция (Zoom) өткөрүлдү. Ушундай эле иш-чара 2020-жылдын 20-21-август күндөрү түштүк аймагында болуп өттү.

7.

Этникалык коомчулукту жана өлкөнүн жарандарынын интеграциясын саясий бирдиктүүлүккө жакындатуу үчүн шарттарды түзүү

2020-жылдын 21-мартында жана 31-августунда ККА менен биргеликте Бишкек жана Ош шаарларында этникалык коомчулукту жана өлкөнүн жарандарынын интеграциясын саясий бирдиктүүлүккө жакындатууга багытталган 4 иш-чара өткөрүлдү 

мөөнөтү- жыл ичинде

2020-жылдын 15-февралында Ош шаарында Агенттиктин  Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы этностук мамилелер боюнча коомдук кабылдамаларынын жооптуу катчылары, Агенттиктин Баткен, Ош, Жалал-Абад  облустарындагы өкүлдөрү жана Кыргызстан калкы Ассамблеясынын (ККА) Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы  бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Агенттиктин жетекчилиги тарабынан көп этностуу район/шаарлардагы коомдук кабылдамалардын,  ККАнын облустардагы бөлүмдөрүнүн 2020-жылда аткара турган милдеттери каралды. Ошондой эле, Кыргыз жараны  жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясынын долбоорунда белгиленген негизги багыттар, милдеттер жана күтүлүүчү натыйжалар тууралуу түшүндүрмө-маалыматтар айтылды.

2020-жылдын 21-22-февралында ККА менен биргеликте, ККА этникалык коомдук бирикмелердин эне тили күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.  Аталган иш-чаранын максаты  эне тилин, маданий көп түрдүүлүктү, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү, тилдик жана маданий каада-салттары, эне тилдин  баалуулугу жана өзгөчөлүгү менен  тааныштыруу,  өз-ара түшүнүшүүгө жана сый-урматка негизделген  тилектештикти бекемдөө.

 2020-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында жана 2020-жылдын 5-сентябрында Ош шаарында  Агенттик, ЕККУ менен биргеликте “Чыр-чатактардын эртелеп алдын-алуу жана болтурбоо тутумун колдоо” долбоорун алкагында  ККАнын курамына кирген 29 этностук коомдук бирикмелердин жетекчилери  менен элдердин биримдигин  жана этностор аралык ынтымакты чыңдоо максатында  кеңешмелерди өткөрүштү. Кеңешмеде катышуучулар өлкөдөгү элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо жана жалпы жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү боюнча талкуулашты. Аталган кеңешмелерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад, Баткен  облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан, ИИМнин, УКМКнын, Кыргызстан калкы Ассамблеясынын 29 этностук коомдук бирикмелери жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустук бөлүмдөрүнүн курамына кирген этностук коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана облустардын мусулмандар казыятынын казылары катышышты.

 2020-жылдын 22-сентябрында Агенттиктин директору Б.У. Салиев «Евразиялык достук көпүрөлөрү» достук үйлөрүнүн эл аралык форумуна оффлайн форматында катышты. Форумдун алкагында катышуучулар эл аралык маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү, өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, алдыңкы тажрыйба алмашуу жана этностор аралык мамилелер жаатында инновациялык жана келечектүү технологияларды аныктоо маселелерин талкуулашты.

— 2020-жылдын 31-октябрында Агенттик, ЕККУнун долбоорун алкагында  көп этностуу район/шаарларындагы коомдук кабылдамаларынын жооптуу катчыларына Ош шаарында семинар-тренинг өткөрүштү. Семинар-тренинг КР этностук, диний себептүү чыр-чатактарды болтурбоонун алдын алуу максатында, мониторинг жүргүзүү жана мониторингдин негизинде аныкталган көйгөйлөргө анализдерди даярдоодо, Агенттиктин коомдук кабылдамаларынын жооптуу катчыларына усулдук жардам көрсөтүү максатында уюштурулду. Иш-чарага Агенттиктин жооптуу катчылары, мониторинг борборунун өкүлдөрү, ККАнын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл  облустарындагы бөлүмдөрүнүн жетекчилери, УКМК, ИИМ, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын  Ош облусундагы өкүлдөрү катышышты.

2020-жылдын 14-ноябрында, Агенттик  ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсеси менен биргеликте “Чыр-чатактардын эртелеп алдын-алуу жана болтурбоо тутумун колдоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында, этностор аралык мамилелер боюнча  коомдук- консультативдик кеңештердин  ролун күчөтүү максатында,  элдин биримдигин бекемдөө жана Кыргыз жараны  иденттүүлүгүн өнүктүрүү багытында республиканын 23 көп этностуу райондорунда жана шаарларында иштеп жаткан этностор аралык коомдук-консультативдик кеңештердин төрагалары жана мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү.

2020-жылдын 24-ноябрында, Агенттик ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсеси менен биргеликте “Чыр-чатактардын эртелеп алдын-алуу жана болтурбоо тутумун колдоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында, ККА этникалык коомдук бирикмелеринин төрагалары жана өкүлдөрү үчүн, 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясынын презентациясы өткөрүлдү.

Ал эми, пландаштырылган 2020-жылдын 21-март Нооруз майрамы, 31-август КР Эгемендүүлүк күнү өткөрүлө турган салтанаттуу иш чаралар Ковид-19 инфекциясын жайылтпоо максатында салтанаттуу иш-чаралар тилекке каршы токтотулган.

 

 

Закрыть меню
МЕНЮ