Көп берилүүчү суроолор

1. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу жагында кандай ыйгарым укуктарга ээ?

Мамлекеттик бийлик органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жагындагы ыйгарым укуктары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мызамынын 10-беренесинде келтирилген.

2. Кыргызстанда канча айыл өкмөт бар, алардын ичинен канчасы өзүн-өзү камсыз кылган абалда жана канчасы дотациялык абалда?

Кыргызстанда 453 айыл өкмөтү жана 31 шаар бар. 2020-жылга карата 453 айыл өкмөттүн ичинен 82 өзүн — өзү камсыз кылат, ал эми 371 дотациялык абалда

3. Муниципалдык менчикте турган автоунааны айыл өкмөттүн балансынан кантип чыгарса болот?

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына усулдук жана уюштуруучулук жардам көрсөтүү максатында, муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Типтүү жобо

4.Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо «документи» качан бекитилген?

КРда элдин биримдигин чыңдоо жана этностор аралык мамилелерди жөнгө салуу Концепциясы КРнын Президентинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги №74 Жарлыгы менен кабыл алынган.

5.Кыргызстан калкы Ассамблеясы кандай орган жана кайсыл жылы уюшулган?

“Кыргызстан калкы Ассамблеясы” коомдук бирикмеси консультациялык-кеңеш берүүчү орган  болуп саналат, анын курамына 29 этностук коомдук бирикме, 3 фонд кирет. Ассамблеянын жетекчи органдарынын курамы кеңеш, кеңештин президиуму жана текшерүү комиссиясы Кыргызстан калкы Ассамблеясынын  Уставына ылайык түзүлөт.

Кыргызстан элинин 1 Курултайынын чечиминин негизинде 1994-жылдын январь айында Кыргызстан калкы Ассамблеясы түзүлгөн.

6.Чыр-чатак деген эмне жана коомдук жашоонун чөйрөлөрүнө ылайык кандай түрлөргө бөлүнөт?

Чыр-чатак бул өз ара аракеттенүү процессинде пайда болгон кызыкчылыктар, максаттар, көз караштардагы карама-каршылыктарды чечүүнүн эң курч жолу, бул өз ара аракеттенүүгө катышуучулардын каршы турушунан келип чыгат жана адатта терс эмоциялар менен коштолот.

         Коомдук жашоонун чөйрөлөрүнө ылайык, чыр-чатак  төмөнкүлөргө бөлүнөт:

  • Экономикалык (же өнөр жай);
  • Саясий;
  • Этникалык;
  • Үй-бүлө жана үй чарбасы;
  • Диний.

7. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмесине калктуу конуштарды киргизүү үчүн кандай механизмдер каралган?

“Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамдын 3-беренесине ылайык (мындан ары – Мыйзам), Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмегине калктуу конуштарды киргизүү үчүн төмөнкү критерийлер аныкталган:
— социалдык-экономикалык өнүгүүсү төмөн, калктын жашоо деңгээлинин төмөндүгүнүн жана элдин агылып кетишинин кесепетинен кырдаал туруктуу эмес болгон;
— табигый-климаттык шарттары оор, өздөштүрүлүүсү начар жана аймактын негизги бөлүгүнө жетүү кыйын болгон;
— Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келип чыгуу тобокелдиги, алардын кесепеттери негизги улуттук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтириши жана Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине түздөн-түз таасир этиши мүмкүн болгон.
Өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмегине жогоруда көрсөтүлгөн бардык критерийлерге ылайык келген калктуу конуштар киргизилет. Мында, өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмеги Өкмөт тарабынан бекитилет.
Мыйзамдын 3-беренесин жетекчиликке алып, Өкмөттүн 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 463 токтому менен “Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын аныктоо жана тизмесин бекитүү тартиби жөнүндө” жобо бекитилген.
Жобого ылайык, өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмесине калктуу конуштарды киргизүү жөнүндө сунуштар Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан жыл сайын 1-апрелге чейин төмөнкүдө көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен Агенттикке жиберилет:
— тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштары;
— бул маселеге тиешеси бар мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн позициялары;
— Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн, курамына Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жана тиешелүү мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кирген жумушчу топтун ар бир мүчөсүнүн кол тамгасы менен тастыкталган, ушул токтомдун тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын тизмесине киргизүү жөнүндө маалымат.
Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн келип түшкөн маалыматтар Агенттик тарабынан жалпыланып, 10 жумуш күндүн ичинде Мыйзамдын 3-беренесине ылайык, корутунду алуу жана позицияларын аныктоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберилет.
Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн келип түшкөн сунуштар, ал сунуштар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундулары жана позициялары Агенттик тарабынан жалпыланып, жыл сайын 1-июнга чейин ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилет.
Өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарын аныктоо жана тизмесин бекитүү маселеси ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында добуш берүү аркылуу анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Ведомстволор аралык комиссиянын чечиминин негизинде Агенттик тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгып, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет.

Закрыть меню
МЕНЮ