Санариптештирүү

Санарип Кыргызстан

2018-жылы региондорду өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктуу багыты болуп аныкталган. 2019-жылы региондорду өнүктүрүү багыты улантылды. Ошол эле учурда санарип технологиялар элдин жашоосун жакшыртуунун маанилүү фактору болуп эсептелерин эске алып, 2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланды. Кыргызстан келечекте инновацияларга жана билимге таянган, өнүккөн маалыматтык коому бар өлкө болушу шарт.
8-январь күнү президент Сороонбай Жээнбеков 2020-жылды «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыялоо боюнча Жарлыкка кол койгон.
Мамлекет тарабынан адам капиталын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар жетиштүү деңгээлде түзүлүшү керек. Жогоруда аталган милдеттер менен катар эле балдарды, өзгөчө жетим балдарды, оор турмуштук жагдайда калган балдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоону мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныктоо зарыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо деп жарыяланган жылдын алкагында пландалган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгына көңүл бурду. Ал белгилегендей, мамлекеттин бакубатчылыгы үй-бүлөнүн бакубатчылыгынан түздөн-түз көз каранды. Үй-бүлөнүн пайдубалын бекемдөөгө ар дайым кылдат көңүл буруу, эне жана баланы социалдык жана укуктук жактан коргоону камсыз кылуу чоң мааниге ээ. Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, кыргызстандыктардын бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн бийликтин бардык бутактары менен мындан ары да натыйжалуу кызматташуу маанилүү. Мамлекет башчы акыркы эки жылда региондорду өнүктүрүү, элет ишкерлеринин демилгелерин колдоо, жаңы жумушчу орундарды түзүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын жакшыртуу боюнча конкреттүү кадамдар жасалганын белгиледи. Ал белгилегендей, мамлекеттик органдар ыргакты жоготпостон, аткарылып жаткан иштердин сапатына, кыргызстандыктардын бейпил турмушун камсыз кылууга биринчи кезекте көңүл буруп, бул ишти улантып кетиши керек.
Президент кол койгон жарлыкта мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар “Санарип Кыргызстан 2019-2023“ Санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашыруу маанилүү милдет катары эсептөөсү керектиги айтылган.
— “Санарип Кыргызстан” деген бирдиктүү санариптик платформаларды: бирдиктүү идентификациялоо системасын, электрондук билдирүүлөрдүн бирдиктүү системасын, санариптик төлөмдөрдүн бирдиктүү системасын, „Түндүк“ ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын, электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн порталын жана мобилдик тиркемесин түзсүн жана киргизсин. Бирдиктүү мамлекеттик дата-борборду жана “Санарип аймак” деген муниципалдык башкаруунун санариптик платформасын түзсүн жана киргизсин, — деп жарлыкта айтылган.
Президент кол койгон документте калкка мамлекетти кызмат көрсөтүүдөгү кагаз жүзүндөгү маалыматтарды берген жана талап кылган көрүнүштү жоюуга да артыкчылык берилген.

Закрыть меню
МЕНЮ