Муниципалдык менчикти сатуу жана ижарага берүү боюнча электрондук соода аянтчасы

“Электрондук соода аянтчасы” маалыматтык системасы

        Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында муниципалдык мүлктү ижарага берүүнү ачык айкын өткөрүү жана  коррупциялык элементтерди жоюу максатында “Электрондук соода аянтчасы” маалыматтык системаны иштеп чыгуу чечими кабыл алынган.

        Бул багытта “Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө” жобо бекитилди жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка, “Электрондук соода аянтчасы” маалыматтык системасы “Инфо-система” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыкты.

Электрондук соода аянтчасы — тооруктарды уюштуруу жана өткөрүү үчүн Интернет тармагында жайгаштырылган жана катталган катышуучуларга бүтүмдөр боюнча электрондук операцияларды аралыктан (жеке катышуусуз) ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтык система.

 Электрондук соода аянтчасын ишке киргизүү төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

-рынокту кеңейтүү;

-ачык айкындыкты камсыз кылуу;

-убакытты жана каражатты үнөмдөө;

-дүйнөнүн бардык жеринен катышууга мүмкүнчүлүк;

-атаандаштыкты өркүндөтүү;

-бардык катышуучуларга бирдей шарт түзүлөт.

        “Электрондук соода аянтчасы” маалыматтык системасынын тестирлөө иштери Токмок, Кант шаарларында жана Ново-Покровка айыл өкмөтүндө өткөрүлдү.

2020-жылдын июнь-июль айларында электрондук соода аянтчасында 3 пилоттук аукциондор (Кант шаарынын 1 объектиси, Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2 объектиси) өткөрүлдү. Жыйынтыгында 1 аукцион өтүп, старттык баасы 58,0 миң сомдон 75,4 миң сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми 2 аукцион катышуучу жок болгондугуна байланыштуу 2020-жылдын сентябрь айына кайрадан жарыя берилди.

2020-жылдын август айында Бишкек шаарынын мэриясын “Электрондук соода аянтчасы” маалыматтык системасына кошуу иштери жүргүзүлүп, муниципалдык менчиктеги ижарага берилүүчү 38 объект порталга жайгаштырылды. Аукцион 2020-жылдын сентябрь айында өткөрүлөт.

2020-жылдын аягына чейин бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында “Электрондук соода аянтчасы” маалыматтык системаны ишке киргизүү иштери жүргүзүлөт.

“Электрондук соода аянтчасы” маалыматтык системага https://etp.okmot.kg/ порталы аркылуу кирүүгө болот.

Закрыть меню
МЕНЮ