Эл аралык кызматташтык жана долбоордук ишмердүүлүк

Чет өлкөлөр менен кызматташуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарынын 2018-жылдын 23-июлундагы № 6-28314 тапшырмасынын негизинде Агенттик тарабынан 2018-жылдын 5-8-сентябрында, Бишкекке Кытай Эл Республикасынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин улуттар жана дин иштери боюнча комиссиясынын төрагасы Ван Вэйгуан баштаган 6 адамдан турган кытай делегациясынын келиши уюштурулган, жана ЖӨБЭММАнын жетекчиси Б.У.Салиев менен жолугушуу өткөрүлгөн. Жолугушуу учурунда алдыдагы кызматташтык жана ведомство аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча маселелер талкууланган.
2018-жылдын 18-20 — октябрь күндөрү Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынын Улуттар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы (вице-спикер рангында) Батер баштаган 7 кишиден турган делегациясы Кыргызстандагы этностор аралык мамилелер  жана диний саясат менен кеңири таанышып, бул маселелер боюнча кызматташуу максатында келишкен. Делегация 18-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери А.Кодуранова жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Д.Эсеналиев менен жолугушуп, Кыргыз Республикасындагы этностор аралык абал боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
Кытай Эл Республикасынын делегациясы Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айылынын жергиликтүү музейи, Ленин атындагы орто мектеби менен таанышып, М.Дикарухованын курулган үйүндө болуп, мектеп окуучуларынын концерттик программасына күбө болушту. Аталган жолугушуунун жыйынтыгы менен 2018-жылдын 30-октябрында Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги элчи Сяо Цинхуанын жетекчилиги астында Агенттикке суммасы 1 млн. 204 миң сомдон турган оргтехниканы белекке берди. Бул техникалык жардам Агенттиктин чыр-чатактардын эртелеп алдын алуу системасынын иштөө дараметин жогорулатууга олуттуу өбөлгө түздү.


2019-жылдын 28-мартында Агенттиктин директору Бахтияр Усманович Салиев жана Россия Федерациясынын улуттар иштери боюнча Федералдык Агенттигинин жетекчиси Игор Вячеславович Баринов менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир катар маселелерди Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын элдеринин ынтымагын бекемдөөдө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, улуттар аралык жана конфессиялар аралык чөйрөлөрдө мамлекеттик мониторингди жүргүзүүнү талкуулашты.

2019-жылдын 15-ноябрында, Агенттиктин директору Б.У.Салиев Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн «Борбордук Азия — биздин жалпы үйүбүз» аттуу биринчи эл аралык конференцияга катышты. Конференциянын жүрүшүндө Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташтыгын андан ары кеңейтүү, этностор аралык ынтымак принциптерин бекитүү жана региондук, маданий-гуманитардык кызматташууну чыңдоо, ошондой эле диний толеранттуулук принциптерин камсыз кылуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Конференциянын пленардык отурумунан кийин, иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү болуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен Өзбекстан Республикасынын министрлер кабинетинин алдындагы Эл аралык мамилелер жана чет өлкөлөр арасындагы достук мамилелер боюнча комитетинин ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюу аземи болду. Документ мамлекеттик этносаясатты ишке ашырууда тажрыйба алмашуу, расалык, улуттук, тилдик жана диний таандыктык боюнча дискриминациянын бардык түрлөрүнүн алдын алуу, эки мамлекеттин элдеринин жакындашуусу боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, коомдук дипломатияны чыңдоо жана өнүктүрүү, жарандык коомдун катышуусу менен чек ара кызматташтыгын илгерилетүүнү камтыйт.

                                            Агенттиктин эл аралык аянтчаларга катышуусу

2019-жылдын 24-27-сентябрь күндөрү Варшава шаарында ЕККУнун ар жылы өтө турган адамдык ченөө боюнча Кеңешмесинде  Агенттиктин директору Б.Салиев Кыргыз Республикасындагы “Улуттук азчылыктардын укуктары”, “Расизмге, ксенофобияга жана басмырлоого каршы күрөшүү”, “КРда расалар жана этностор аралык жеккөрүүгө байланышкан кылмыштар” жана “КРдагы лөлүлөрдүн абалы” темаларында доклад окуду. ЕККУнун  адамдык ченөө боюнча Кеңешмеси  негизги иш-чара болуп саналат, иш-чарага  ЕККУнун бардык өлкөлөрдөгү катышуучу-мамлекеттердин  өкүлдөрү,  институттары жана талаа миссиялардын өкүлдөрү, ошондой эле   жарандык коомдун жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

2020-жылдын 18инен 21-январына чейин   Швейцариядагы Женева шаарында адам укугу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Кеңешинин мезгилдүү обзорунун  иштиктүү группасынын 35-сессиясында Кыргыз Республикасынын Улуттук докладынын үчүнчү сунушталышына катышты.

Аталган жыйында директор тарабынан күн тартибиндеги маселелер боюнча адамдын милдеттендирилген  укуктарынын аткарылышы жана сакталышы, Кыргыз Республикасындагы этникалык жамааттын өкүлдөрүнүн абалы жөнүндө маалымат берилди.

Закрыть меню
МЕНЮ