Сэмайыль Ундонг

Корея Республикасы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан “Сэмаыль Ундонг” (“Жаңы айыл”)  кыймылы долбоору боюнча

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-октябрындагы №440-б буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жана Корея Республикасынын Ички иштер министрлиги биргеликте иштөө максатында Меморандумга кол коюлган.

 “Жаңы айыл Кыргызстанда” долбоорунун негизги максаты республикадагы пилоттук айылдарга инвестиция тартуу менен Семаыль Ундонг кыймылынын принциптерин колдонуп, аткарылган алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу болуп эсептелет. Семаыль Ундонг кыймылы кыргыз элинин тажрыйбасында байыртадан келе жаткан Ашар кыймылына окшоштук жактары бар, кыймылдын эң негизги принциптери жергиликтүү жамааттын активдүү катышуусу, айылдарды өнүктүрүүгө жана биргелешкен эмгектин натыйжасында ийгиликтерге жетишүү.

2016-жылдын декабрь айында 45 айылдын долбоору сунушталып, андан 5 айылга 10,0 миң доллардан, жалпысы 50,0 миң доллар б.а. 3,5 млн.сом суммадагы акча каражаты берилип, долбоорлор ишке ашырылган.

Пилоттук негизде долбоор тарабынан тандалып алынган Чүй облусунун ар бир 4 айылына  2017-2018-жылдары 18,0 млн сом жардам берилип, 8 долбоор ишке ашырылган

2019-жылы 7 айылга, бардыгы 220,0 миң АКШ доллар (15,3 млн сом) каржыланган.

Жалпысынан 2016-2019-жылдары 25 ар тармактагы долбоорлорду ишке ашыруу менен 38,0 млн.сом өлчөмүндө 12 айылга жардам көрсөтүлгөн. Бул долбоорлор айылдардагы калктын жашоо деңгээлин көтөрүүгө, айылдардагы социалдык объектилдердин имараттарын курууга, оңдоп-түзөө иштерине, фермердик чарбаларды өнүктүрүүгө багытталып, айылдардын кирешесин өстүрүүдө. Ошондой эле, 2017-2019-жылдары  долбоордун алкагында 100дөн ашык пилоттук айылдардын лидерлери Корея Республикасындагы «Семаыль Ундонг» борборунан окуудан өтүп, алдыңкы тажрыйбалар менен таанышып келишти.

2020-жылы Чүй облусунун 4 айылында жаңы долбоорлорду түзүү боюнча Корея мамлекетиндеги баштапкы офисинин окутуучулары тарабынан онлайн түрүндө семинарлар өткөрүлүп, жергиликтүү жамааттын сунушу менен даярдалган долбоорлор каралып, жумуштар аткарылууда.

 

Облусу

Району

Айыл өкмөтү

Айылы

2016-жыл

1

Чүй

Ысык-Ата

Кочкорбаев

 

2

Ысык-Көл

Ысык-Көл

Чоң-Сары-Ой

 

3

Талас

Кара-Бура

Кара-Бура

4

Нарын

Кочкор

Семиз-Бел

5

Жумгал

Баш-Кууганды

2017-2020 жыл пилоттук айылдар

1

Чүй облусу

Чүй

Кош-Коргон

Кош-Коргон

2

Чүй

Искра

Искра

3

Сокулук

Крупская атындагы

Алыскы-Арал

4

Жайыл

Ак-Башат

Ак-Башат

2019-жыл Корея мамлекетинин шаарларынын жардамы берилген айылдар

5

Аламүдүн

Октябрь

6

Москва

Ак-Суу

Ак-Башат

7

Ысык-Ата

Ысык-Ата

Таш-Башат

 

Закрыть меню
МЕНЮ