ЖӨБ өнүктүрүү программасы


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 31-октябрындагы
№ 513 токтомуна

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата
ПРОГРАММАСЫ

  1. Киришүү

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2018-2023-жылдарга карата программасы (мындан ары — Программа) жарандардын турмушунун сапатын жакшыртууга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында реформаларды андан ары ишке ашыруу үчүн иштеп чыгарылган. Программада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасында каралган максаттар эске алынган.

Программа макулдашылган көз караштарды, максаттарды, артыкчылыктарды, милдеттерди, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууну 2018-2023-жылдары өнүктүрүүгө багытталган негизги чараларды аткаруу боюнча кызыкдар тараптардын ишин координациялоого арналган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 678 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планына ылайык пландаштырылган 48 иш-чаранын ичинен 37си аткарылган, 8 иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык алып салынган.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери актуалдуу бойдон калып, андан ары өркүндөтүүнү жана натыйжалуу башкарууну талап кылгандыгына байланыштуу аткаруу мөөнөтү узак болгон айрым иш-чаралар ушул Программага которулган.

Программа жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү жамааттардын жана жарандардын маанисин жогорулатууга багытталган.

  1. Учурдагы кырдаалды баалоо

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2017-жылы калктын 1/3 бөлүгү (33,8 пайызы) шаарларда жана 2/3 бөлүгү (66,2 пайызы) — айыл жерлеринде жашайт. Өлкөнүн бүткүл калкы жергиликтүү жамааттардан турат, алар өз укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу аркылуу ишке ашырышат.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасында 31 шаар жана 453 айыл аймагы бар. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык органдары бири-биринен калкынын саны, калктуу конуштарынын саны, аймактары, экономикалык өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жана географиялык шарттары боюнча өтө айырмаланып турушат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында өлкөдөгү бийлик системасынын курамдык бөлүгү катары жергиликтүү өз алдынча башкарууга өзүнчө бөлүм арналган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук база түзүлгөн.

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну калыптандыруу тарыхы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын андан ары иштеп кетүү жөндөмүн, алардын туруктуулугун, өзгөрүлмөлүү тышкы жана ички шарттарда жана жагдайларда өнүгүү жөндөмүн көрсөттү.

Мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун салыштырмалуу административдик, финансылык-экономикалык жана саясий өз алдынчалыгын камсыз кылат.

Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн маанилүү жетишкендиги мыйзамдарга киргизилген финансылык децентралдаштыруу болуп саналат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары ресурстарды (жайыттарды, жаратылыш ресурстарын, жер участокторун ж.б.) башкаруу укугуна ээ. Мамлекеттик менчик менен катары, муниципалдык менчик укугун таануу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык жана административдик потенциалын күчөтөт.

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо системасын киргизүү (ишеним индекси ж.б.) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуулугун жана потенциалын жогорулатууну камсыз кылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу үчүн жооп берүүчү ыйгарым укуктуу органдын — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары — жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) болушу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерин мамлекеттик деңгээлде чечүүгө жана аны андан ары өнүктүрүү боюнча демилгелерди турмушка ашырууга мүмкүндүк берет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо, алардын демилгелерин жылдыруу жана методикалык жардамдарды көрсөтүү үчүн «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын бирлиги» юридикалык жактарынын бирикмеси иштейт.

Жогорку окуу жайларында бакалавриат жана магистратура деңгээлдеринде муниципалдык башкаруу боюнча адистерди даярдашат, жергиликтүү консультациялык кызмат көрсөтүүлөр өнүгүүдө, жаштардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерине катышууга карата кызыгуулары өсүүдө.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн коомдук уюмдар жана эл аралык донорлор тартылууда.

  1. Көйгөйлөрдү талдоо

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дотацияда турушу, жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процессинде жергиликтүү жамааттардын ролунун төмөндүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдүн көпчүлүгүнө себеп болуп саналат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү жамаатты социалдык жана экономикалык өнүктүрүү программаларын пландаштырууда жана ишке ашырууда жарандардын муктаждыктарын толугу менен эсепке алышпайт. Бул жергиликтүү маанидеги маселелерди пландаштыруу жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу процесстерине коомчулукту тартуу көндүмдөрүнүн жоктугунан улам болууда. Бүгүнкү күндө жергиликтүү жамааттардын кабыл алынган уставдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү менен өз ара аракеттенүүлөрүнүн реалдуу каражаты боло албай калууда.

Жетишсиз экономикалык жана финансылык мүмкүнчүлүктөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү жамааттардын муктаждыктарына толугу менен жооп берүүгө жана сапаттуу муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.

Өлкөнүн административдик-аймактык бөлүнүшү оптималдаштыруу жүргүзүүнү талап кылат, мисалы, Ош облусунун Кара-Суу районунун калкынын саны (363,8 миң адам) Талас (240,0 миң адам) же Нарын 262,1 миң адам) облустарынын калкынын санынан көптүк кылат. Республикада бир гана айылдан турган 67 айыл аймагы бар. Ошол эле убакта курамына 20 миң адамдан ашуун калкы бар, 15тен ашык айылдар кирген айыл аймактары бар.

Жергиликтүү жамааттардын бюджеттик камсыз болуусу төмөн бойдон калууда. Колдонуудагы бюджеттер аралык системага ылайык жергиликтүү деңгээлге жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгондон аз ресурс бөлүнөт. 2018-жылдын 1-январына 453 айыл аймагынын ичинен 75и өзүн-өзү камсыздайт, бул 16,5%ды түзөт. 2017-жылы теңдештирүүчү гранттардын суммасы 1818,1 млн. сомду түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 208,8 млн. сомго көп болгон. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык кирешелеринин үчтөн биринен ашууну теңдештирүүчү гранттардын эсебинен келип түшөт, бул жергиликтүү бюджеттерди көз каранды кылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дотациялардын берилиши, алардын финансылык өз алдынчалыкка кызыкчылыктарын төмөндөтүүчү фактор болуп калды.

Айыл аймактарына караганда шаарлар алган теңдештирүүчү гранттардын үлүшү төмөндөөдө. 2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылы шаарлардын кирешелери орточо 40%га, айыл өкмөттөрүнүн кирешелери — 12%га гана өстү, бул шаарларды жана айыл аймактарын өнүктүрүү маселесинде тең эмес шарттарды түзүүдө.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылуучу мамлекеттик органдардын өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары финансылык жактан бекемделбейт. Кийинки жылдары жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмеси 3 маселеге көбөйдү. Алсак, жергиликтүү маанидеги маселелердин катарына жарандарды укуктук жактан агартуу жана үй-бүлөдө зомбулукту болтурбоо үчүн жоопкерчилик тууралуу маселе кошулду. Азыркы убакта жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын кызматкерлери өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу менен алек болушууда. Натыйжада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин иш-жүгүнүн арбыганына байланыштуу жергиликтүү маанидеги маселелер сапатсыз аткарылган фактылар орун алууда.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы башкаруунун сапаты башчыларынын тез-тез алмашуусуна жана алардын кесиптик деңгээлинин төмөн болгондугуна байланыштуу дагы начарлоодо. Эреже катары, жергиликтүү кеңештин жаңы курамын шайлоо көп учурларда аткаруу органынын жетекчилигинин алмашуусуна алып келет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги, кызматкерлердин кесиптик дараметтеринин төмөндөөсү сакталууда. Кадрлардын келип-кетүүлөрүнүн деңгээли жогору бойдон калууда.

Бош убакытты уюштурууда жана муниципалдык ишканалар жана кызматтарды көрсөтүү менен алектенген ишкерлер менен өз ара мамилелерди түзүүдө билимдин жана көндүмдөрдүн жетишсиздиги калк үчүн кызматтарды сапатсыз көрсөтүүгө алып келүүдө.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун инфратүзүмдүк камсыз болуусунун деңгээли дагы жетишсиз.

Мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өз ара аракеттенүүлөрүн эске алуу менен аймактарды өнүктүрүүнүн комплекстүү пландары жок.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөр алдын алуу мүнөзүнө ээ эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугунун жана майнаптуулугунун индикаторлоруна мониторинг жүргүзүү механизмдери жок.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда муниципалитеттер аралык кызматташтык жана тажрыйба алмашуулар начар өнүккөн.

  1. Программанын максаты, артыкчылыктуу багыттары, милдеттери жана чаралары

Программанын максаты: 2023-жылдын аягына жоопкерчиликтүү жергиликтүү жамааттар жана туруктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ара, мамлекеттик башкаруу органдары менен тыгыз аракеттенүү менен жарандардын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртышат.

Коюлган максаттарга жетүү боюнча чаралар төмөнкү үч артыкчылыктуу багыт боюнча жүзөгө ашырылат:

  1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу деңгээлдерин жогорулатуу.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыз кылынышын, туруктуулугун жана кадыр-баркын чыңдоо.
  3. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо.
  • 1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу деңгээлин жогорулатуу

1.1-милдет. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу деңгээлин жана жоопкерчилигин жогорулатуу.

Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү катары жарандардын укуктары жана милдеттери тууралуу маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүү; жарандардын муктаждыктарын эске алуу менен аймактарды өнүктүрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин көтөрүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын жергиликтүү жамаат алдындагы отчёт берүү жол-жоболорун, аксакалдар сотторунун ишин методикалык камсыз кылууну жана ченемдик жөнгө салууну өркүндөтүү. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөгү жоопкерчиликтерин жогорулатуу жана аларды шайлоо механизмдерине тийиштүү маселелер боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү.

Муниципалдык социалдык заказ жана муниципалдык-жеке өнөктөштүк практикасын кеңири киргизүү.

Жарандарды жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын өркүндөтүү процессине тартууну камсыз кылуу.

1.2-милдет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн жаңы механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ич ара жана мамлекеттик органдар менен үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүлөрүнүн туруктуу комплекстүү системасын түзүү.

Административдик-аймактык түзүлүштү оптималдаштыруу боюнча жумуштарды андан ары жүргүзүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү пландаштыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар менен иштөөсүн координациялоонун механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү.

Күтүлгөн натыйжалар: жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жана алардын бирикмелери жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн активдүү субъекттери болуп калышат, тең өлчөмдө өздөрүнүн укуктарын пайдаланышат жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарышат; жарандардын демилге көтөрүү, жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жамааттык чечимдерди иштеп чыгууга катышуу деңгээли; мамлекеттин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарды сактоо чөйрөсүндөгү көзөмөлү тартипке салынган жана профилактикалык мүнөзгө ээ, жергиликтүү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болот.

  • 2. Камсыз кылынган жана туруктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

2.1-милдет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык өнүктүрүү жана финансылык камсыздоого жетишүүсү үчүн шарттарды түзүү.

Кирешелерди бөлүштүрүүнү жана мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосунда салыктарды бөлүштүрүүнү өркүндөтүү. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө дем берүү максатында жергиликтүү бюджеттерди теңдештирүү системасын өркүндөтүү.

Инвестицияларды тартуу жана айыл аймактарында ишкер субъекттерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кирешелерин жогорулатуу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын жогорулатуу.

2.2-милдет. Башкаруу органдарынын туруктуулугун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчилеринин кесиптик шайкештигин камсыз кылуу.

Башкаруу органдарынын туруктуулугун камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын жогорулатуу.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү жана айыл өкмөтүнүн башчысына карата квалификациялык талаптарды жогорулатуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү. Укук колдонуу маселеси боюнча жооптуу катчыларды окутуу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына кошууну камсыздоо.

2.3-милдет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу маселелерин чечүүгө жөндөмдөрүн арттыруу.

Муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу процессин улантуу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун инфратүзүмдүк камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын Интернет тармагына кошулуусун камсыз кылуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук формаларын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

2.4-милдет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын чыңдоо.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү. Семинарларды, окутуучу тренингдерди өткөрүүнү уюштуруу.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына квалификациялуу кадрларды тартуунун механизмдерин жана жүйөлөрүн түзүү.

Күтүлгөн натыйжалар: жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата болгон ишенимдерин өстүрүү (калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата болгон ишеним деңгээлинин көрсөткүчүнөн улам, калктын ишеним Индексинин көрсөткүчүнөн улам), аймактардын экономикалык потенциалы ишке ашырылууда, калктын жашоо-тиричилигинин деңгээли жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун инфратүзүмдүк камсыз болуусунун деңгээли жогорулоодо, калктын социалдык нааразылыктары төмөндөп жатат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин потенциалы өсүүдө, муниципалдык кызмат бир кыйла жагымдуу болууда.

  • 3. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо

3.1-милдет. Өнүктүрүү бюджеттери камтылган, программалык-багытталган жергиликтүү бюджеттерди түзүү.

Аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү пландаштыруунун программалык-максаттуу механизмдерин; жергиликтүү бюджеттер үчүн программалык негизде бюджеттөө механизмдерин киргизүү.

Өнүктүрүү бюджеттерин калыптандырууга шарттарды түзүү. Аларды ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын өнүктүрүү бюджетине кайра түзүү менен дем берүүчү гранттар системасын өзгөртүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын программалык негизде бюджеттөө, бюджеттик инвестицияларды пландаштыруу жана башкаруу потенциалын жогорулатуу.

3.2-милдет. Жергиликтүү жамааттын кирешелерди калыптандыруу жана ресурстарды башкаруу иштерине катышуу деңгээлдерин арттыруу.

Жергиликтүү бюджеттердин кирешелик камсыз болуусун жогорулатуу чараларын киргизүү. Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн негизинде жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин божомолдоонун сапатын жакшыртуу.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин калыптандыруу маселелери боюнча жарандардын маалыматтуулук деңгээлин жогорулатуу.

Муниципалдык менчикти инвентаризациялоону бүтүрүү. Муниципалдык менчикти пайдалануу боюнча чечимдерди кабыл алуунун жана аткаруунун ачык-айкындыгын камсыз кылуучу механизмдерди киргизүү. Мүлктү баалоону кошуп алганда, жергиликтүү деңгээлде ресурстарды пайдалануунун рыноктук механизмдеринин методикасын иштеп чыгуу жана киргизүү.

Муниципалдык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун, анын ичинде муниципалдык мүлктү сатуу жана ижарага берүү боюнча электрондук аукцион өткөрүү үчүн электрондук соода аянттарын киргизүү аркылуу көтөрүү.

Калкка кызмат көрсөтүү системасын өркүндөтүү. Бюджеттөө жана контролдоо маселелери боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын жогорулатуу.

3.3-милдет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын толук каржылоону камсыз кылуу.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилген функцияларын жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды инвентаризациялоо, айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү механизмдеринин натыйжалуулугун талдоого алуу. Республикалык бюджеттен каржылануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө кеткен финансылык чыгымдардын жалпы суммасын талдоо, мыйзамдардагы өксүктөрдү четтетүү.

Күтүлүүчү натыйжа: жергиликтүү бюджеттердин чыгымдары жергиликтүү жамаатты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына багытталган; жергиликтүү жамааттардын кирешелеринин деңгээли (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бир жаранга эсептик кирешеси) жогорулоодо; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылуучу каржыланбаган функциялардын жана маселелердин саны кыскарууда.

  1. Программаны ишке ашыруунун тобокелдиктери

Мүмкүн болуучу тобокелдиктер катары төмөнкүлөр каралган:

1) кабыл алынган жол-жоболордун өркүндөтүлбөгөнү, ушул Программаны техникалык жана ченемдик укуктук жактан жетишсиз колдоого алуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин тез-тез алмашууларынын жана кадрлардын келип-кетүүлөрүнүн натыйжасында институттук эс-тутумдун жана потенциалдын жоголуусу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын реалдуу жүйөлөрүнүн жана кызыкдарлыгынын болбогондугу, коррупциялык коркунучтар менен байланышкан тобокелдиктер;

2) экономикадагы кризистик кубулуштар, экономиканын өсүү темптеринин жана инвестициялык активдүүлүк деңгээлинин төмөндөөсү, банк системасындагы кризис ж.б. байланыштуу тобокелдиктер. Агрардык сектордогу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата дүйнөлүк баалардын деңгээлинин өзгөрүүсү жергиликтүү жамааттардын кирешесинин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн;

3) туруксуздук, туруктуулукту бузуунун диний, этностор аралык факторлорунун тобокелдиктери;

4) тышкы жана ички миграциянын жогорку темптери менен байланышкан тобокелдиктер.

Тобокелдиктердин алдын алуу үчүн Программада мониторинг жана баалоо, милдеттерге зарыл болгон түзөтүүлөрдү киргизүү механизмдери каралган.

  1. Ресурстарга болгон муктаждыктарды баалоо

Программаны ишке ашырууну каржылоо Кыргыз Республикасынын экономикасын андан ары өнүктүрүүнү, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде экономикалык активдүүлүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү эсепке алуу менен жүргүзүлөт.

Жергиликтүү бюджеттердин ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин отчеттуулугун жана ачык-айкындыгын арттыруунун, коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүнүн эсебинен камсыз кылынат.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдөгү жеке демилгелерди ишке ашырууга, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөрдүн иштерин координациялоого өзгөчө көңүл бурулат.

Мамлекеттик органдарга бекитилип берилген иш-чаралар министрликтерге жана ведомстволорго каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

  1. Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү

Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уюштурулат.

Мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн натыйжалары жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каралат жана алардын негизинде белгиленген тартипте Программага түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн маалымат булактары болуп статистикалык байкоолордун маалыматтары, Программанын иш-чараларын аткаруу үчүн жооптуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын маалыматтары саналат.

Мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жайгаштырылат жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтылат.

Закрыть меню
МЕНЮ