Автоматташтырылган маалыматтык тутум “Санарип аймак”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, «Санарип Кыргызстан 2019-2023» Концепциясынын жол-картасында берилген тапшырмага ылайык ЖӨБ органдарында автоматташтырылган түзүмдү өздөштүрүү максатында, Агенттик чарба китебин санариптештирүү менен «Санарип аймак» маалыматтык түзүмүн долбоорду ишке ашыруу боюнча негизги аткаруучу болуп эсептелет.
Аталган маалыматтык тутумду иштеп чыгууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-июлундагы № 244-б буйругу менен 10 млн. сом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына бөлүнүп берилген. Агенттик жалдоочу (заказчик) катары көрсөтүлгөн.
Бирок Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамына туура келбегендигине байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, программаны иштеп чыгуучу Инфоком мамлекеттик ишканасына бөлүнгөн акчаны түз которуп берүү маселеси аягына чыккан эмес.
Ушуга байланыштуу, 2019-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 244-буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 413-буйругу чыгып, жогоруда аталган 10 млн. сом каражат Агенттикке которулуп берилди.
Бөлүнгөн акча каражатка Агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алууларынын расмий порталы аркылуу жалпысынан 2 конкурс өткөрүлдү жана жеңүүчүлөрү аныкталып келишим түзүлдү:
— «Санарип аймак» маалыматтык системасын түзүүгө «Инфоком» МИ менен 6495000 сомго келишим түзүлдү.
— “Санарип аймак” автоматташтырылган түзүмдүн сервердик жабдууларын сатып алууга «КБМ» ЖЧК менен 2600000 сомго келишим түзүлдү.
Чарба китебин жүргүзүүгө укуктук негизин түзүү максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу Мыйзам долбоору даярдалып, 2020-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылган. Азыркы убакытта мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда.
«Санарип аймак» чарба китебин санариптештирүү боюнча жумушчу топ тарабынан төрт тараптуу (ЖӨБЭММА, УСК, МКК, “Инфоком” МИ) план иштелип чыгып, макулдашылды.
Азыркы учурда пилоттук ЖӨБ органдардын өкүлдөрүн жеринде окутуу 2020-жылдын 16-19 март айында өткөрүлдү: Ош облусунун Кара-Суу шаары, Куршаб АӨ, Ак-Таш АӨ, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары, Чүй облусунун Ленин АӨ, Ак-Башат АӨ, Көк-Жар АӨ, Көк-Жар АӨ, Крупский АӨ, ал эми жалпы ЖӨБ органдарында автоматташтырылган түзүм өздөштүрүлгөндөн кийин графиктин негизинде жүргүзүлөт.
Ошондой эле, Агенттик тарабынан тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара маалымат алмашуу боюнча келишимдин долбоору иштелип чыгып, тиешелүү төмөнкү мамлекеттик органдарга жиберилди: КР Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги, КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, КР Ички иштер министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, КР Социалдык фонду, КР Билим жана илим министрлиги, КР Саламаттык сактоо министрлиги.
Санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «жол картасын» ишке ашыруу алкагында ЖӨБЭММА жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 187 айыл өкмөтү маршрутизатор (роутер) менен камсыз болду, ал эми 266 айыл өкмөтү экинчи этап менен август айында маршрутизатор менен камсыз болот.
Ошондой эле, ЕККУнун Бишкектеги Программалык офиси тарабынан 453 айыл өкмөтүнө электрондук санарип кол тамгасын камсыз кылып берет.
Агенттик Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Мамлекеттик каттоо кызматы, Мамлекеттик кадр кызматы жана “Инфоком” Мамлекеттик ишканасы менен “Санарип аймак”, “Infodocs” жана «Е-Kyzmat» автоматташтырылган маалыматтык тутумдарын региондордо 2020-жылдын 29-июнунан баштап жайылтуу максатында окутуу график долбоору түзүлгөн.
2020-жылдын 29-июнь айынан баштап окутуу жана киргизүү Автоматташтырылган маалыматтык тутум “Санарип аймак” онлайн режиминде Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусунда өткөрүлүп жатат.
Графиктин негизинде 2020-жылдын 5-август айынан баштап калган облустарында ( Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында) окутуу жана киргизүү башталат.

Закрыть меню
МЕНЮ