2021-жылдын 15-16-сентябрында Ысык-Көл облусунун Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында Агенттик семинар өткөрдү

2021-жылдын 15-16-сентябрында Ысык-Көл облусунун Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында Агенттик семинар өткөрдү

Бөлүшүү
2021-жылдын 15-16-сентябрында Ысык-Көл облусунун Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги, Улуттук статистика комитети жана Мамлекеттик кадр кызматы менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №27 «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана жергиликтүү кеңештердин төрагалары үчүн “Санариптештирүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү” деген темада семинар өткөрдү.
Аталган семинар Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору Эльчибек Нуржадыевич Джантаев жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин экономика жана экология департаментинин башчысы Екатерина Накашидзе айым жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Кыштобаев Рыспек Асанбекович жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Жумадылов Калыбек Аманатовичтин катышуусу менен өткөрүлдү.
Семинарларга ошондой эле Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жана Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.
Семинардын алкагында автоматташтырылган Санарип аймак, E-kyzmat, СЭД-Инфодокс, Электрондук соода платформасы системалары, Аймактардын өнүгүшүнө мониторинг жана баа берүү системасын куруу боюнча окутуулар жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорлору боюнча талкуу өткөрүлдү.
Семинардын катышуучуларынын көйгөйлүү маселелер боюнча көптөгөн суроолоруна жеткиликтүү жооптор берилди.

Добавить комментарий

Закрыть меню
МЕНЮ