Элчибек Жантаев Талас облусуна иш сапары менен барды

Элчибек Жантаев Талас облусуна иш сапары менен барды

Бөлүшүү
 
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору Элчибек Жантаев Талас облусуна иш сапары менен барды.
Санариптештирүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү семинары Талас шаарында өтүп, ага Талас облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана шаардык кеңештердин төрагалары катышты.
Аталган семинар Улуттук статистикалык комитети жана Мамлекеттик кадр кызматы менен бирге ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №27 «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык өтүүдө.

Добавить комментарий

Закрыть меню
МЕНЮ