«Биздин күчүбүз — бай маданиятыбыз менен тарыхый мурасыбызда!»

«Биздин күчүбүз — бай маданиятыбыз менен тарыхый мурасыбызда!»

Бөлүшүү
Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдигинин башкармасынын кезектеги жыйыны Түркиянын Конья шаарында өттү. Жыйынга уюмдун Түркия, Албания, Босния жана Герцеговина, Кыргызстан, Македония жана Түндүк Кипрден келген мүчөлөрү катышты.
Жолугушууга Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдигинин башчысы, Конья шаарынын мэри Ибрагим Алтай жана уюмдун башкы катчысы Фахри Солак жана Кыргызстандын атынан Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Эльчибек Джантев катышып, сөз сүйлөштү.
Агенттиктин жетекчиси Эльчибек Джантаев өз сөзүндө Түркиянын бир катар провинциясында адам өлүмүн алган өрткө байланыштуу көңүл айтып, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдиги достук жана бир туугандык алаканы бекемдеп, жамаатык кызматташууну арттырууга багытталган мыкты платформа экенин белгиледи.
Агенттиктин жетекчиси сөзүн «Биздин күчүбүз — бай маданиятыбыз менен тарыхый мурасыбызда. Тамыры бир боордош мамлекеттер ортосунда туугандык пайдубалы бекем болуп, өнүгүү жолу түз жана натыйжалуу болушун каалайм» — деп жыйынтыктады.
Коллегиянын жыйынында буга чейин аткарылган бир катар иштер талкууланып, алдыга аткарчу маселелер белгиленди.
Ошондой эле жолугушууга Түркиянын Улуттук Жыйынынын мүчөлөрү жана башкаруучу Адилеттүүлүк жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) Аялдар Биримдигинин төрагасы Айше Кешир дагы катышты.

Добавить комментарий

Закрыть меню
МЕНЮ