Бүгүн, 2021-жылдын 14-июлунда, ушул жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты тажрыйбасы” сынагынын жеңүүчүлөрүнө онлайн сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү

Бүгүн, 2021-жылдын 14-июлунда, ушул жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты тажрыйбасы” сынагынын жеңүүчүлөрүнө онлайн сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү

Бөлүшүү

Бул сынак жылына 2 жолу өткөрүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын жашоо шарттарын жакшыртууда, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү боюнча алдыңкы тажрыйбаны жайылтууда эң ийгиликтүү ишин аныктоо максатында иштелип чыккан.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты тажрыйбасы” сынагы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги (АӨМА) тарабынан Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирлиги, Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте өткөрүлөт.

Ошентип, 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты тажрыйбасы” сынактын жеңүүчүлөрү:

— I-орунду китепкана ишин санариптештирүү, айылдык китепканага жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү жана өнүктүрүү боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн айыл өкмөтү ээледи;

— II орунду лизинг программасы боюнча автобустарды сатып алуу жана жергиликтүү калкты жаңы жумуш орундары менен камсыз кылуу жолу менен коомдук транспорттун ишин толук уюштуруу үчүн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн айыл өкмөтү ээледи;

— III орунду Айылдык кичи футбол аянтчасында жана спорт залында спорттук секцияларды тейлөө боюнча Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы 1- Май айыл өкмөтү ээледи.

Төмөнкү айыл өкмөттөрүнө Ыраазычылык каттар тапшырылды:

— Ак-Тектир айылындагы токойду калыбына келтирүү боюнча “Келечек” жамаатынын мүчөлөрүнүн демилгесин колдогондугу үчүн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө;

— Баткен окуясынын катышуучусу, баатыр жоокерди эскерүүгө арналган футболдук турнирди уюштургандыгы үчүн Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнө;

— Жергиликтүү жамааттын уставын карап чыгуу жана кабыл алуу маселеси боюнча айылдык кеңештин ачык сессиясын уюштуруу жана өткөрүү жолу менен жергиликтүү жамааттын уставынын долбоорун киргизүү жана кабыл алуу практикасы үчүн Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнө.

Сынактын жеңүүчүлөрү төмөнкү сыйлыктарга ээ болушту:

— I-орун үчүн – “ЖӨБдүн алтын тажрыйбасы” медалы, Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы, “Муниципалитет” журналы менен биргеликте ЖӨБдүн алдыңкы тажрыйба Порталына 2 акысыз жазылуу, ошондой эле 150 000 сом өлчөмүндөгү түрткү берүүчү товардык байге;

— II орун үчүн – “ЖӨБдүн күмүш тажрыйбасы” медалы, Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы, “Муниципалитет” журналы менен бириктирилген Порталына 2 акысыз жазылуу, 120 000 сом өлчөмүндөгү түрткү берүүчү товардык байге;

— III орун үчүн – “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коло тажрыйбасы” медалы, Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы, “Муниципалитет” журналы менен кошо Порталына 2 акысыз жазылуу, 100000 сом өлчөмүндөгү түрткү берүүчү товардык байге;

Мындан тышкары, үч түрткү берүчүү кызыктыруучу сыйлыктар (“ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбасы” түрткү берүүчү медалы, “Муниципалитет” журналы менен айкалыштырылган Порталына 1 акысыз жазылуу, Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин ыраазычылыгы, 30000 сом өлчөмүндөгү түртү берүүчү товардык байге) тапшырылды.

Добавить комментарий

Закрыть меню
МЕНЮ