Урматтуу жергиликтүү кеңештердин жаңы шайланган депутаттары!

Урматтуу жергиликтүү кеңештердин жаңы шайланган депутаттары!

Бөлүшүү

    Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президентинин  “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде 420 айылдык жана 28 шаардык     кеңештерге депутаттарды шайлоо өткөрүлүп, жергиликтүү калктын көптүлүк добушуна ээ болуп, шайлоонун жыйынтыгы менен айылдык кеңештерге — 7540, шаардык кеңештерге — 675 депутат,  бардыгы 8215 депутат шайланды. 

       Өткөн шайлоонун өзгөчөлүгү — жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын мандатынын 30 %-ы аялдарга берилип, шайлоонун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештерге 2931 (38,77%), шаардык кеңештерге 187 (27,7%) аялдар  депутаттык мандатка ээ болду.

Урматтуу депутаттар, Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги сиздерди Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы Жергиликтүү кеңештерге депутат болуп шайланганыңыздар менен куттуктайт.  

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу- бул калкка эң жакын, аймактын социалдык-экономикалык абалына жана калктын жашоосуна ыңгайлуу шарт түзүүгө жоопту болгон бийликтин бир денгээли.

Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун туруктуу системасын түзүүдө, көптөгөн жергиликтүү маанидеги социалдык экономикалык көйгөйлөрдү жана жергиликтүү  маселелерди чечүүдө, финансылык өз алдынчалуулугун жана аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоодо жергиликтүү кенештердин салымы чоң.  

Адамдар өздөрүнүн көйгөйлөрү, кыйынчылыктары жана түйшүктөрү боюнча биринчи эле жергиликтүү бийликке, жергиликтүү кеңештин депутаттарына кайрылат. Ошондуктан алар жергиликтүү бийликтин акыйкаттуу, компетентүү, кесипкөй болушун көргүсү келет.  

Быйылкы жыл жергиликтүү жамааттарга өзгөчө жыл болду деп белгилесе болот, себеби быйылкы жылы республиканын дэңгээлинде аймактарды өнүктүрүүгө, өлкөнү   санариптештирүүгө багытталган иштер жүргүзүүлүдө. 

          Акыркы учурдагы коомдук саясий абал жалпы элибизден өзгөчө биримдикти, ынтымакты, тартиптүүлүктү талап кылат. Биздин өлкөбүзгө дагы келип жеткен коронавирус илдети элибизге көп кыйынчылыктарды жаратты.  Айыл өкмөттөрү жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары  бул илдет менен күрөшүүгө чоң салып кошкон жана дагы эле салымдарын кошуп келүүдө. 

            Урматтуу жергиликтүү кеңештердин депутаттары,   сиздер менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында региондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө, жергиликтүү бийликти калкка жакындатуу үчүн шарттар түзүлөт деп ишенебиз. 

  Баарыңыздарга бакубат турмушту, чың ден-соолукту, үй-бүлөлүк бакыт — таалайды, иштериңиздерде албан ийгиликтерди мындан ары жарата берүүңүздөргө тилектеш экенимди билдирем. 

Элибизде токчулук, молчулук, жергебизде тынчтык болсун!

Аймактык өнүгүү мамлекеттик 

Агенттигинин директору                                                                                                            Э.Н. Джантаев

Добавить комментарий

Закрыть меню
МЕНЮ