ЖӨБЭММА:  “Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик        сынактын жеңүүчүлөрүн Агенттиктин директору кабыл алды

ЖӨБЭММА: “Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн Агенттиктин директору кабыл алды

Бөлүшүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Салиев Бахтияр Усманович 1-Май, Жыргалаң, Чаек, Кара-Бура, Ак-Суу, Алля-Анаров айыл өкмөттөрүн кабыл алды.
Жолугушууда Агенттиктин директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пандемия учурунда өтө чоң жүктү өзүлөрүнө алып, зор ийгиликтерди жараткандыгын эске алып, “Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө комиссиянын чечимин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 381-б буйругу кабыл алынгандыгын, анын негизинде жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрү болуп 6 айыл өкмөтү аныкталгандыгын белгиледи.
“Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына жалпы мамлекеттик сынакты өткөрүү боюнча бекитилген Жобонун талаптарына ылайык региондордо райондук, облустук комиссиялар түзүлүп, 2019-жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөттөдүн иштеринин жыйынтыктары менен жалпы мамлекеттик сынак комиссиянын кароосуна облустар тарабынан 2020-жылы 6 облустан 12 айыл өкмөтү сунушталып, бул сунуштар, курамында мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Өкмөттүн буйругу менен бекитилген атайын комиссия тарабынан тиешелүү критерийлердин негизинде баалангандыгы, ал эми жалпы мамлекеттик сынак комиссиясынын жумушчу органы катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштуруп келээри маалымдалды.
Учурдан пайдаланып, айыл өкмөт башчылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жалпы мамлекеттик сынак комиссиясынын мүчөлөрүнө, Агенттиктин иш аракеттерине ыраазычылык билдирип, бул берилген наам аларга дем берип, мындан ары дагы аракеттерин жумшап аймакты өнүктүрүүгө салым кошоорун белгилешти.

Добавить комментарий

Закрыть меню
МЕНЮ